3:1 Дөөттүн Хеброндо төрөлгөн уулдары булар: тун уулу – Амнон, ал изрейелдик аялы Акинаамдан төрөлгөн; экинчи уулу – Даниел, ал кармелдик аялы Абигейилден төрөлгөн;
3:2 Yчүнчү уулу – Абышалом, ал Гешур падышасы Талмайдын кызы Маахадан төрөлгөн; төртүнчү уулу – Адония, ал Кагыттан төрөлгөн;
3:3 Бешинчи уулу – Шепатия, ал Абыталдан төрөлгөн; алтынчы уулу – Житреям, ал эгладан төрөлгөн.
3:4 Анын бул алты уулу Хеброндо төрөлгөн. Ал жерде ал жети жыл, алты ай падышачылык кылган. Отуз үч жыл Иерусалимде падыша болгон.
3:5 Анын Иерусалимде төрөлгөн уулдары булар: Шима, Шобап, Натан, Сулайман. Бул төртөө Амиелдин кызы Бат-Шебадан төрөлгөн.
3:6 Дөөттүн дагы тогуз уулу болгон: Жибхар, элишама, элипелет,