1:1 эң башында өмүр Сөзү болгон. Аны биз угуп, өз көзүбүз менен көрүп, карап, колубуз менен кармап көргөнбүз.
1:2 өмүр келди, аны биз көрдүк жана ал жөнүндө күбөлөндүрүп жатабыз. Ата менен бирге болуп, бизге келген ошол түбөлүк өмүрдү жарыялап жатабыз.
1:3 Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш үчүн, биз силерге укканыбызды жана көргөнүбүздү жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле – Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле.
1:4 Муну силерге кубанычыңар толук болуш үчүн жазып жатабыз.
Кудай – жарык
1:5 Биз Машайактан уккан Жакшы Кабарды азыр силерге жарыялап жатабыз: Кудай – жарык, Анда үч кандай караңгылык жок.
1:6 үгерде Аны менен мамилебиз бар деп жатсак, бирок караңгылыкта жүрсөк, анда жалган айтып жатабыз жана чындык боюнча мамиле кылган жокпуз.
1:7 Ал жарыкта болгон сыяктуу биз да жарыкта жүрсөк, анда бири-бирибиз менен мамилебиз бар жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт.
1:8 үгерде күнөөбүз жок деп жатсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз жана бизде чындык жок.
1:9 үгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт.
1:10 үгерде күнөө кылган жокпуз деп жатсак, анда Кудайды жалганчы кылып жатабыз жана Анын сөзү биздин ичибизде жок.