1:1 үпрайым тоосундагы Раматайым-Сопим шаарында элкана аттуу эфраталык адам жашаган. Ал Жерохамдын уулу эле. Жерохам үйлинин, үйли Тохунун, Тоху Зуптун уулу болгон.
1:2 үлкананын эки аялы болгон: бирөөнүн ысымы – Анна, экинчисинин ысымы – Пенина. Пенинанын балдары бар эле, Аннаныкы болсо жок болчу.
1:3 Ал киши Себайот Теңирге табынып, курмандык чалуу үчүн, өз шаарынан жыл сайын Шилого барчу. Ал жерде Теңирдин ыйык кызмат кылуучулары Копни жана Пинехас деген үйлинин эки уулу болгон.
1:4 үлкана курмандык чалган күндөрү аялы Пенинага жана анын бүт уул-кыздарына курмандык тамактан бөлүп берчү.
1:5 Аннага болсо өзгөчө бөлүгүн берчү, анткени Теңир ага бала бербегенине карабай, аны сүйчү.
1:6 Теңир Аннага бала бербегени үчүн, күндөшү аны дайыма капа кылып, аны наалыганга түртчү.
1:7 Ал жыл сайын Теңирдин үйүнө барганда, ушундай болчу. Пенина Аннаны ыза кылчу, ал ыйлап, тамак жечү эмес.
1:8 Ошондо күйөөсү элкана ага: «Анна! эмнеге ыйлайсың, эмне үчүн тамак жебейсиң, эмнеге кайгырасың? Мен сен үчүн он уулдан артык эмесминби?» – деди.
1:9 Алар Шилодо тамак жеп бүткөндөн кийин, Анна ордунан туруп кетти. Ошол убакта ыйык кызмат кылуучу үйли ийбадаткананын кире беришинде отургучта отурган.
1:10 Аял кайгырып, көзүнүн жашын көл кылып ыйлап, Теңирге сыйынды.
1:11 Анан мындай деп убада берди: «Себайот Теңир! эгер Сен өз күңэңдүн кайгысына назарыңды салсаң, мени эсиңе алып, өз күңэңдү унутпасаң, күңэңө эркек бала берсең, анда мен аны өмүрү өткөнчө Сага берем, башына устара тийбейт».
1:12 Ал Теңирдин алдында көпкө сыйынды, ошол убакта үйли анын оозун карап турду.
1:13 Анна ичинен сүйлөп жаткан, анын эриндери гана кыймылдап, үнү чыкпагандыктан, үйли аны мас деп ойлоду.
1:14 үйли ага: «Масың качан тарайт? Соолук», – деди.
1:15 Анна мындай деп жооп берди: «Жок, мырзам, мен кайгыга малынган аялмын, шарап да, ичкилик да ичкен жокмун, Теңирдин алдында жүрөгүмдөгүнү төгүп жатам.
1:16 Күңэңдү начар аял деп ойлобо, себеби кайгы-капам оор болгондуктан, ушуга чейин сүйлөп жаттым».
1:17 Ошондо үйли: «Тынчтык менен бар, Ысрайылдын Кудайы сураганыңды берсин», – деди.
1:18 Аял болсо: «Күңэң сенин алдыңда ырайым тапсын!» – деди да, өз жолуна түштү. Тамак ичти, жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды.
Шемуелдин төрөлүшү жана Кудайга арналышы
1:19 Алар эртең менен эрте туруп, Теңирге табынышты да, Рамадагы үйүнө кайтып келишти. элкана аялы Аннага жакындады, Теңир ал аялды үстеди.
1:20 Бир нече убакыттан кийин Аннанын боюна бүтүп, уул төрөдү да: «Аны Теңирден сурап алдым», – деп, ага Шемуел деген ат койду.
1:21 Күйөөсү элкана бүт эй-бүлөсү менен Теңирге жыл сайын чалынуучу курмандыкты чалуу үчүн жана өз убадасын аткаруу үчүн кетти.
1:22 Анна болсо барган жок. Күйөөсүнө: «Мен баланы эмчектен чыккандан кийин алып барам, ал Теңирдин алдына барып, ошол жерде түбөлүккө калат», – деп айтты.
1:23 Күйөөсү элкана ага: «Каалаганыңдай болсун. Ал эмчектен чыкканча кала бер, бирок оозуңдан чыккан сөздү Теңир өзү аткарсын», – деди. Ошентип, аялы эйдө калды. Уулун эмчектен чыгарганга чейин эмчек сүтүн берип бакты.
1:24 Аны эмчектен чыгаргандан кийин, ал үч букачар, бир эйфа ун, бир чанач шарап жана баланы алып, Шилого, Теңирдин үйүнө келди. Бала болсо жаш эле.
1:25 Алар букачарды союшту. үйлиге баланы алып келишти.
1:26 Анан аял: «О мырзам! өмүрүң узун болсун, мырзам! Баягыда ушул жерде, сенин жаныңда Теңирге жалынып сыйынган аял менмин.
1:27 Мен Кудайга ушул баланы сурап сыйынгам, Теңирим мага сураганымды берди.
1:28 Мен аны өмүрү өткөнчө Теңирге кызмат кылууга берем», – деди. Анан ал Теңирге ошол жерде ийилип таазим кылды.