15:2 «Адам уулу! Жүзүм сабагынын жыгачы ар кандай башка жыгачтардын алдында кандай артыкчылыкка эү? Жүзүм сабагынын бутактары токойдогу дарактардын арасында кандай артыкчылыкка эү?
15:3 Андан кандайдыр бир буюм жасаганга болобу? Кандайдыр бир буюм илиш үчүн андан, жок дегенде, илгич жасоого болобу?
15:4 Ал отко жем болот. Анын эки четин от жалмады, анын ортосу да күйүп кетти. Андан кандайдыр бир буюм жасоого болобу?
15:5 Бүтүн кезинде эле ал буюм жасаганга жараксыз эле. От жалмап салгандан кийин, күйүп калгандан кийин, ал кандайдыр бир буюм жасаганга жарамак беле?»
15:6 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен токой дарактарынын арасындагы жүзүм сабагынын жыгачын отко жем кылгандай, Иерусалимдин тургундарын да отко жем кылам.
15:7 Мен өз жүзүмдү аларга каршы бурам. Алар бир оттон чыгышса, башка от жалмайт. Мен өз жүзүмдү аларга каршы бурганда, Менин Теңир экенимди билесиңер.
15:8 Алар ишенимсиздик кылышканы үчүн, Мен бул жерди чөлгө айлантам», – дейт Кудай-Теңир.