2:1 Асман менен жер жана алардын бардык кошуундары ушундайча жаратылып бүткөн.
2:2 Ошентип, жетинчи күнгө оогондо, Кудай өзүнүн иштерин бүтүрдү; өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды.
2:3 Анан Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени Кудай өзү жараткан жана жасаган бардык иштерин бүтүрүп, ошол күнү эс алды.
үйден багында
2:4 Асман менен жердин жаратылуусу мындай болгон: Кудай-Теңир асман менен жерди жаратып жатканда,
2:5 жерде үч кандай бадал жок эле, үч кандай чөп өсө элек болчу, анткени Кудай-Теңир жер бетине жамгыр жаадырган эмес, жерди иштете турган адам да жок эле.
2:6 Бирок жерден буу көтөрүлүп, бүт жер бетин сугарып турган.
2:7 Анан Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды.
2:8 Кудай-Теңир чыгыштагы эйденге бак отургузуп, ал жерге өзү жараткан адамды жайгаштырды.
2:9 Андан кийин Кудай-Теңир топурактан көрүнүшү жакшы, жегенге жарактуу ар кандай мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Бактын ортосуна өмүр дарагын жана жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак өстүрүп чыгарды.
2:10 үйденден бакты сугара турган дарыя агып чыкты. Ал ошол жерден төрт дарыяга бөлүндү.
2:11 Биринин аты – Пишон, ал алтын чыккан бүт Хабила жерин айланып агат.
2:12 Ал жердин алтыны да жакшы. Ал жерде жыпар жыттуу чайыр жана агат ташы бар.
2:13 үкинчи дарыянын аты – Гихон, ал бүткүл Куш жерин айланып агат.
2:14 Yчүнчү дарыянын аты – Хидекел, ал Ашурдун алдынан агып өтөт. Төртүнчү дарыя – эфрат.
2:15 үйден багын иштетсин жана сактасын деп, Кудай-Теңир адамды ошол бакка жайгаштырды.
2:16 Анан Кудай-Теңир адамга мындай деп осуят кылды: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот,
2:17 бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың».
2:18 Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы».
2:19 Кудай-Теңир топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жаратып, аларды кандай атай тургандыгын көрүү үчүн, адамга алып келди. Ар кандай тирүү жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду.
2:20 Адам бардык малдарга: асман канаттууларына, талаа жаныбарларына ат койду, бирок ага ылайык жардамчы табылбады.
2:21 Ошондо Кудай-Теңир адамды катуу уктатып салды. Ал уктап жатканда, анын бир кабыргасын алып, ордун эт менен жаап койду.
2:22 Ошентип, Кудай-Теңир адамдан алынган кабыргадан аял жаратып, аны адамга алып келди.
2:23 Ошондо адам мындай деди: «Бул – менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт. Ал “аял” деп аталат, анткени эркектен алынды».
2:24 Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот.
2:25 Адам менен аялы экөө тең жылаңач эле, бирок уялышчу эмес.