37:1 Жакып атасы жашаган Канаан жеринде жашап турду.
37:2 Жакыптын жашоосу мындай эле: Жусуп он жети жашында, өспүрүм чагында өзүнүн бир туугандары менен, атасынын аялдары Била жана Зилпанын уулдары менен мал кайтарчу. Жусуп атасына алардын жаман иштерин жеткирип турчу.
37:3 Ысрайыл Жусупту башка уулдарынан өзгөчө жакшы көрчү, анткени ал анын карыганда көргөн уулу эле. Ошон үчүн ага кооз кийим тиктирип берди.
37:4 Бир туугандары атасынын өздөрүнө караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн көрүшүп, Жусупту жек көрүп калышты. Аны менен бир тууганча сүйлөшө албай калышты.
37:5 Бир күнү Жусуп түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтып берди. Ошондон кийин алар аны ого бетер жек көрүп калышты.
37:6 Жусуп аларга мындай деди: «Мен көргөн түшкө кулак салгылачы.
37:7 Түшүмдө биз талаада боо байлап жүрүптүрбүз, бир маалда менин боом тикесинен туруп калды. Ошондо силердин боолоруңар тегерете туруп, менин боомо жүгүнүп таазим этишти».
37:8 Ошондо бир туугандары: «Кантип эле сен бизге падышачылык кылып каласың? Кантип эле сен бизди бийлеп каласың?» – дешип, аны түшү үчүн, айткан сөздөрү үчүн ого бетер жек көрүп калышты.
37:9 Ал дагы башка түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтты: «Бүгүн мен дагы түш көрдүм. Түшүмдө күн менен ай жана он бир жылдыз мага жүгүнүп, таазим кылып жатыптыр».
37:10 Ал түшүн атасы менен бир туугандарына да айтып берди эле, атасы урушуп, мындай деди: «үмне деген түш көргөнсүң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага келип, таазим кылып калалы?»
37:11 Бир туугандары ыза болушту, атасы болсо анын сөзүн жүрөгүнө түйүп алды.
Жусуптун кулдукка сатылышы
37:12 Бир туугандары атасынын малын Шекемге жайып кетишкенде,
37:13 Ысрайыл Жусупка: «Бир туугандарың Шекемде мал жайып жүрүшөт. Барып келчи, мен сени аларга жиберейин», – деди. Ал ага: «Мына мен», – деп жооп берди.
37:14 Атасы ага: «Барып, бир туугандарың аман-үсенби, малы түгөлбү, көрүп, мага жообун алып кел», – деди. Ошентип, аны Хеброн өрөөнүнөн Шекемге жөнөттү. Жусуп Шекемге келди.
37:15 Ал талаада адашып жүргөндө, ага бирөө жолугуп, андан: «үмне издеп жүрөсүң?» – деп сурады.
37:16 «Мен бир туугандарымды издеп жүрөм. Алар кайсы жерде мал жайып жүргөнүн айтып коёсуңбу?» – деди ал.
37:17 Ошондо жанагы киши: «Алар бул жерден кетишти, анткени мен алардын “Дотанга барабыз” дегенин уккам», – деди. Жусуп бир туугандарынын артынан жөнөп, аларды Дотандан тапты.
37:18 Алар Жусупту алыстан көрүшүп, ал жакындай электе эле, аны өлтүрүүнү чечип коюшту.
37:19 Анан алар бири-бирине: «Мына, түш көргүч келатат.
37:20 Жүргүлө, азыр барып, аны өлтүрүп, чуңкурга таштап салалы, аны жырткыч айбан жеп кетти деп айтып коёбуз. Ошондо анын түштөрү эмне болорун көрөбүз», – дешти.
37:21 Муну Рубейин угуп: «Жок, Жусупту өлтүрбөйбүз», – деп, аны алардын колунан куткарып калды.
37:22 Рубейин аларга: «Кан төкпөгүлө. Аны чөлдөгү чуңкурга таштап салгыла, ага кол көтөрбөгүлө», – деди. Ал бул сөздү Жусупту алардын колунан куткарып, атасына кайтарыш үчүн айтты.
37:23 Жусуп өзүнүн бир туугандарына келгенде, алар Жусуптун үстүнөн кооз кийимин сыйрып алышты.
37:24 өзүн болсо чуңкурга таштап жиберишти. Ал чуңкур бош болчу, анда суу жок эле.
37:25 Анан алар тамак жегени отурушканда, Гилат жактан келе жаткан Ысмайыл уулдарынын кербенин көрүштү. Алар төөлөрүнө жыпар жыттуу заттарды: стиракс, бальзам, ладан жүктөп алып, Мисирге алып бара жатышкан.
37:26 Ошондо Жүйүт бир туугандарына: «Бир тууганыбыздын канын төгүп, өлүгүн жашырып салгандан не пайда?
37:27 Жүргүлө, аны Ысмайыл уулдарына сатып жиберели, колубуз да булганбайт, анткени ал биздин бир тууганыбыз, каныбыз бир», – деди. Бир туугандары анын тилин алышты.
37:28 Мидиандык соодагерлер өтүп бара жатышканда, Жусупту чуңкурдан тартып алышып, Ысмайыл уулдарына жыйырма күмүш тыйынга сатып жиберишти. Алар болсо Жусупту Мисирге алып кетишти.
37:29 Рубейин чуңкурга кайра келип караса, чуңкурда Жусуп жок экен. Ошондо ал өз кийимдерин айрып жиберди.
37:30 Анан бир туугандарына келип: «Бала жок экен, эми мен кайда барам?» – деди.
37:31 Алар бир текени союп, Жусуптун кооз кийимин кан кылып,
37:32 атасына берип жиберишти. Анан атасына келип, мындай дешти: «Биз муну таап алдык, карасаң, бул кийим уулуңдуку эмеспи?»
37:33 Жакып анын кийимин таанып: «Бул – уулумдун кийими. Ал жырткычка жем болуптур, аны жырткыч жара тартып кеткен турбайбы», – деди.
37:34 Анан Жакып өз кийимин айрып, үстүнө зумбал кийип, уулун көп күн жоктоп ыйлады.
37:35 Ошондо атасын сооротууга бүт уул-кыздары чогулду, бирок ал сооронгусу келбей: «Мен эми өлгөндөр жаткан жайга, уулума барганча кайгырып өтөм», – деди. Жусуптун атасы уулун ушинтип жоктоду.
37:36 Мидиандыктар болсо аны фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы Потипарга сатып жиберишти.