5:1 Адамдардын арасынан тандалып алынган ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу адамдар үчүн Кудайга кызмат кылууга, алардын күнөөлөрү үчүн алып келген тартуулары менен курмандыктарын Кудайга алып келүүгө дайындалат.
5:2 өзү да алсыз болгондуктан, түркөй жана адашкан адамдарга ырайымдуу мамиле кыла алат.
5:3 Ошондуктан ал Кудайга өз күнөөсү үчүн да, элдин күнөөсү үчүн да курмандык алып келиши керек.
5:4 Адам башкы ыйык кызмат кылуучу болуу урматына өзү эү боло албайт. Ал бул урматка Арун сыяктуу Теңир тарабынан чакырылганда гана эү болот.
5:5 Ошол сыяктуу эле Машайак да Башкы ыйык кызмат кылуучу болуу даңкына өзү эү болгон жок. «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» деген Кудай Аны даңкка эү кылды.
5:6 Башка бир жерде Ал мындай дейт: «Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң».
5:7 Ал адам болуп жашап жүргөн күндөрүндө өлүмдөн алып кала алчу Кудайга катуу эн менен сыйынды, көз жаш менен жалбарды. Кудайды урматтагандыгы үчүн, Анын сыйынуусу угулду.
5:8 Ал Кудайдын Уулу болгонуна карабастан, азап чегүү аркылуу моюн сунууга эйрөндү.
5:9 Жеткилеңдикке жеткен Ал өзүнө моюн сунган адамдардын баары үчүн түбөлүктүү куткарылуунун булагы болуп калды.
5:10 Кудай тарабынан Ага Малки-Седек даражасындагы Башкы ыйык кызмат кылуучунун наамы берилди.
Ишенимден тайбоо, жеткилеңдикке умтулуу
5:11 Бул тууралуу көп эле нерсени айтышыбыз керек эле, бирок силердин түшүнүшүңөр кыйын, анткени силер угууга жөндөмсүз болуп калдыңар.
5:12 Убакыт боюнча алып караганда, силер окутуучу болуп калышыңар керек эле, бирок силерге кайрадан Кудай Сөзүндөгү окутуунун алгачкы негиздерин эйрөтүш керек болуп калды. Силерге күчтүү тамак эмес, сүт керек.
5:13 Ким сүт менен азыктанса, ал чындык сөзү боюнча тажрыйбасыз, анткени ал али наристе.
5:14 Күчтүү тамак болсо акыл-сезими жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүккөн жеткилең адамдар үчүн.