12:1 үпрайым шамалды кайтарып жүрөт, чыгыш шамалынын артынан кууп жүрөт, күн сайын жалганчылыкты жана талап-тоноону көбөйтүп жатат. Алар Ашур менен келишим түзүп жатышат, Мисирге зайтун майы жеткирилип жатат.
12:2 Бирок Теңир Жүйүт менен да соттошот, Ал Жакыпты жолдоруна жараша жазалайт, ага иштерине жараша тиешесин берет.
12:3 Ал энесинин курсагында жатканда эле бир тууганын тепкен, ал эми эр жеткенде Кудай менен кармашты.
12:4 Ал периште менен кармашты, аны жеңип чыкты, ыйлап, ага жалынып-жалбарды. Бейтелде Ал бизди таап, ошол жерде биз менен сүйлөштү.
12:5 Теңир болсо – Себайот Кудай. Жахаба – Анын ысымы.
12:6 Сен да өз Кудайыңа кайрыл, ырайымдуулукту, акыйкаттыкты сакта жана ар дайым Кудайыңа таян.
Күнөөнү ашкерелөө
12:7 «Канаандык адамдын колунда туура эмес тараза бар. Ал жеп калганды жакшы көрөт.
12:8 үпрайым: “Мен байыдым. өзүмө мал-мүлк жыйнап алдым, менин бардык эмгектеримден күнөө болуп эсептелген мыйзамсыз бир да нерсе таба алышпайт”, – деп айтып жатат.
12:9 Мен болсо сен Мисир жеринен чыккандан бери сенин Кудай-Теңириңмин, сени майрам күндөрүндөгүдөй, кайрадан алачыктарга отурукташтырам.
12:10 Мен пайгамбарларга сүйлөдүм, аяндарды көбөйттүм жана пайгамбарлар аркылуу элгү-насаат аңгемелерди колдондум.
12:11 үгерде Гилат жараксыз нерсе болуп калса, анда анын тургундары да болбогон нерсе болуп калышты, Гилгалда букачарларды курмандыкка чалышты, алардын курмандык чалынуучу жайлары талаалардын чектеринде турган эймөк таштардай.
12:12 Жакып Сирия талаасына качып кетти, Ысрайыл аял үчүн кызмат кылды, аял үчүн кой кайтарды.
12:13 Теңир пайгамбар аркылуу Ысрайылды Мисирден алып чыкты, Ал аны пайгамбар аркылуу сактап жүрдү.
12:14 үпрайым Теңирди катуу каардантты, ошон үчүн ал төккөн кандын кунун Теңир анын өз мойнуна коёт, Теңир анын шылдыңын өз башына келтирет.