Мыйзамсыздарды айыптоо
59:1 Куткарыш үчүн Теңирдин колу кыскарган жок, угуш үчүн Анын кулагы катуу болуп калган жок.
59:2 Бирок мыйзамсыздыгыңар силерди Кудайыңардан бөлүп салды. Ал силерди укпаш үчүн, силердин күнөөңөр Анын жүзүн силерден буруп жатат.
59:3 Анткени силердин колуңар кан төгүп, манжаларыңар мыйзамсыздык кылып булганган. Оозуңар жалганды сүйлөйт, тилиңер калпты айтат.
59:4 Акыйкаттык үчүн үч ким үнүн чыгарбайт, чындык үчүн үч ким күрөшпөйт. Жок нерсеге таянышат, калп айтышат, алардын боюна жамандык бүтөт, адилетсиз иштерди төрөшөт.
59:5 Уу жыландын жумурткасын чыгарышат, жөргөмүштүн желесин токушат. Алардын жумурткаларын жеген адам өлөт, эгерде жарса, ичинен жылан чыгат.
59:6 Алардын желелери кийимге жарабайт, алар өздөрү жасаган нерселери менен жамына алышпайт. Алардын иштери – адилетсиз иштер, зордук-зомбулук – алардын колунда.
59:7 Алардын буттары жамандык кылууга жүгүрөт, алар жазыксыз кан төгүүгө ашыгышат. Алардын ойлору – адилетсиз ойлор, кыруу жана кыйратуу – алардын жолунда.
59:8 Алар тынчтыктын жолдорун билишпейт, алардын жолдорунда акыйкаттык жок, алардын жолдору кыйшык. Ал жол менен бараткандын үч бири тынчтык дегенди билбейт.
үлдердин өз күнөөлөрүн мойнуна алышы
59:9 Ошондуктан акыйкаттык бизден алыс, адилеттик бизге жакындабайт, жарыкты күтүп жатабыз, бирок караңгылык, күндүн жаркырашын күтүп жатабыз, бирок караңгылыкта жүрөбүз.
59:10 Сокурлардай болуп дубалды кармап, көзү жок кишидей сыйпалап басып жүрөбүз. Чак түштө күүгүмдөгүдөй мүдүрүлүп жатабыз, тирүүлөрдүн арасында өлүктөрдөйбүз.
59:11 Баарыбыз аюулардай бакырып жатабыз, көгүчкөндөрдөй онтоп жатабыз. Акыйкаттыкты күтүп жатабыз, бирок ал жок, куткарууну күтүп жатабыз, бирок ал бизден алыс.
59:12 Анткени Сенин алдыңда кылмыштарыбыз сан жеткис, күнөөлөрүбүз өзүбүзгө каршы күбөлөндүрүп жатат. Анткени кылмыштарыбыз биз менен, биз өзүбүздүн мыйзамсыз иштерибизди билебиз.
59:13 Теңирдин алдында чыккынчылык кылдык, калп айттык, өз Кудайыбыздан баш тарттык. Ушак айттык, чыккынчылык кылдык, жүрөгүбүздө жаман ойлоп, жаман сөздөрдү сүйлөдүк.
59:14 Акыйкаттык артка чегинди, адилеттүүлүк алыста калды, анткени чындык аянтта мүдүрүлдү, чынчылдык кире албай калды.
Куткаруучунун убадаланышы
59:15 Чындык жок болду, жамандыктан качкан кордукка дуушар болду. Муну Теңир көрдү, акыйкаттыктын жоктугу Анын көзүнө жийиркеничтүү көрүндү.
59:16 Адам жок экенин көрдү, арачы боло турган адам жок экенине таң калды. Ошондо Ага өзүнүн каруу-булчуңу жардам берди, Аны өзүнүн чындыгы колдоду.
59:17 Ал чындыкты соот кылып кийди, куткаруу туулгасын өзүнүн башына кийди. өч алуу чапанын кийип, кызганчаактыкты жабуу кылып жамынды.
59:18 Иштерине жараша Ал өзүнүн душмандарын каары менен жазалайт, өзүнүн душмандарынан өч алат, аралдарга тиешесин берет.
59:19 Ошондо Теңирдин ысымынан батыштагылар коркушат, Анын даңкынан чыгыштагылар коркушат. эгерде душман дарыядай каптап кирсе, Теңирдин деми аны кууп жиберет.
59:20 «Ошондо Сионго, мыйзамсыздыкты таштап, Кудайга кайрылган Жакыптын уулдарына Куткаруучу келет, – дейт Теңир.
59:21 Бул Менин алар менен түзгөн келишимим, – дейт Теңир, – сендеги Менин Рухум, сенин оозуңа салган Менин сөздөрүм сенин оозуңдан, сенин укум-тукумуңдун оозунан, сенин урпактарыңдын укум-тукумунунун оозунан мындан ары жана түбөлүккө түшпөйт».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК