6:1 Узия падыша өлгөн жылы мен бийик жана улуу тактыда отурган Теңирди көрдүм, Анын чапанынын этеги ийбадаткананы толтуруп турду.
6:2 Анын тегерегинде сераптар турган, ар биринин алтыдан канаты бар, ар бири эки канаты менен бетин жаап, эки канаты менен бутун жаап, эки канаты менен учат.
6:3 Алар биринин артынан бири: «Себайот Теңир ыйык, ыйык, ыйык! Бүт жер жүзү Анын даңкына бөлөнүп турат!» – деп жатышты.
6:4 Алардын катуу үнүнөн дарбазалардын кашектери титиреп, эй жыпар жыттуу заттын түтүнүнө толуп кетти.
6:5 Ошондо мен: «Кайгы мага! өлдүм! Анткени мен оозу таза эмес адаммын, ошондой эле оозу таза эмес элдин арасында жашап жатам. Көздөрүм болсо Падыша Себайот Теңирди көрдү», – дедим.
6:6 Ошондо мага сераптардын бири учуп келди, анын колунда курмандык чалынуучу жайдан кычкач менен алган күйүп турган чок бар эле.
6:8 Анан мен Теңирдин мындай деп айткан үнүн уктум: «Кимди жиберейин? Биз үчүн ким барат?» Ошондо мен: «Мына мен, мени жибер», – дедим.
6:9 Ал мындай деди: «Бар, бул элге мындай деп айт: Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр, көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр.
6:10 Анткени бул элдин жүрөгүн май басып калган, кулагын жаап, көзүн жумуп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, жүрөктөрү менен түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт».
6:11 Ошондо мен: «Көпкө чейин ушундай болобу, Теңир?» – деп сурадым. Ал: «Шаарлар кыйрап, элсиз калганга чейин, үйлөрдө киши калбай калганга чейин, бул жер таптакыр эүн калганга чейин ушундай болот», – деп жооп берди.
6:12 Теңир адамдарды кууп жиберет, ошондо бул жер эүн калат.
6:13 үгерде ал жерде элдин ондон бир бөлүгү кала турган болсо, ал да бүлгүнгө учурайт, бирок мисте дарагы менен эмен дарагы кыйылганда, алардын тамыры калгандай, ыйык урук анын тамыры болот.