62:1 Сион үчүн унчукпай калбайм, Иерусалим үчүн басылып калбайм, анын чындыгы жарык сыяктуу чыкмайынча, анын куткарылуусу күйүп турган чырактан сыяктуу болмоюнча, унчукпай калбайм, басылып калбайм.
62:2 Ошондо элдер сенин чындыгыңды, бүт падышалар сенин даңкыңды көрүшөт. Сени Теңирдин оозунан чыккан жаңы ысым менен аташат.
62:3 Сен Теңирдин колунда даңктын таажысы болосуң, Кудайыңдын алаканында падышанын таажысы болосуң.
62:4 Мындан ары сени «Кудай таштап кеткен эл» деп аташпайт, сенин жериңди «чөл» деп аташпайт. Сени «Ал – Теңирдин ырайымына эү болгон эл» деп, жериңди болсо «Күйөөсү бар» деп аташат, анткени Теңир сага ырайым кылат, жериң никелешип кошулат.
62:5 Жигит кыз менен никелешкендей, уулдарың сени менен никелешет. Күйөө колуктусуна кубангандай, Кудайың сага кубанат.
62:6 «Иерусалим, Мен сенин дубалдарыңа күнү-түнү үнү басылбаган сакчыларды койдум». Оо, силер, Теңир жөнүндө эске салып тургандар, үнүңөр басылбасын!
62:7 Теңир Иерусалимди калыбына келтирмейинче, Иерусалимди жер жүзүндө даңктуу кылмайынча, Анын алдында үнүңөр басылбасын!
62:8 Теңир өзүнүн оң колу менен, өзүнүн күчтүү каруу-булчуңу менен ант берди: «Мындан ары душмандарыңа эгиниңди жем кылбайм, жат элдин уулдары сенин мүэнеттенип тапкан шарабыңдан ичпейт.
62:9 Бирок эгин жыйнагандар нан жеп, Теңирди даңкташат. Жүзүм тергендер Менин ыйык жайымдын короосунда шарап ичишет».
62:10 өткүлө, дарбаза аркылуу өткүлө, элге жол даярдагыла! Тегиздегиле, жолду тегиздегиле, таштарды алып салгыла, элдер үчүн туу көтөргүлө!
62:11 Теңир жер кыйырына чейин жар салып жатат: «Сиондун кызына: “Сенин Куткаруучуң келе жатат. Анын сыйлыгы өзү менен, Анын жазасы өзүнүн алдында”, – деп айткыла».
62:12 Аларды ыйык эл, Теңирдин куткарылган эли деп аташат. Сени болсо табылган, ташталбаган шаар деп аташат.