Тил менен күнөө кетирүүдөн сак болуу
3:1 Бир туугандарым, бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесиңер, ошондуктан баарыңар эле окутуучу боло бербегиле.
3:2 Анткени баарыбыз көп жаңылабыз. Оозунан жаңылбаган адам – бүт денесин ооздуктай алган жеткилең адам.
3:3 Баш ийдириш үчүн, биз атты ооздуктап, анын бүт денесин башкарабыз.
3:4 Кеме канчалык чоң болсо да, канчалык катуу шамалдар менен жүрсө да, кемечи аны кичинекей эле бургуч менен каалаган жагына бурат.
3:5 Ошол сыяктуу тил да дененин кичинекей эле мүчөсү, бирок көп нерсе кылат. Оттун кичинекей эле учкуну чоң токойду өрттөп жок кылат.
3:6 Тил да – от, адилетсиз дүйнө. Денебиздин кичинекей эле жеринен орун алса да, ал бүт денебизди булгайт. Оттуу көлдүн оту менен тутангандыктан, бүт жашообузду өрттөп жок кылат.
3:7 Бардык жырткычтар, канаттуулар, сойлоочулар, деңиз жаныбарлары адам баласы тарабынан багындырылган жана багындырылып жатат.
3:8 Ал эми тилди үч бир адам багындыра албайт. Тил – эү-жаа бербеген жамандык. Ал өлтүрүүчү ууга толгон.
3:9 Тилибиз менен Кудайды, Атаны, даңктайбыз, тилибиз менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган адамдарды каргайбыз.
3:10 Бир эле ооздон даңктоо да, каргоо да чыгат. Бир туугандарым, мындай болбошу керек.
3:11 Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мүмкүнбү?
3:12 Бир туугандарым, анжыр дарагы зайтун, жүзүм багы анжыр бере албайт. Ошол сыяктуу эле шор булактан таза суу чыкпайт!
Чыныгы акылмандык
3:13 Араңарда ким акылдуу жана үстүү? Ал өзүнүн ошондой экендигин жакшы жүрүм-туруму менен, акылдуу момундугу менен көрсөтсүн.
3:14 үгерде жүрөгүңөрдө ачуу ичи тарлык жана өзүмчүлдүк бар болсо, анда мактанбагыла жана чындыкты бурмалабагыла.
3:15 Бул асмандан келген акылмандык эмес, жердеги, табигый, шайтандан келген акылмандык.
3:16 Анткени кайсы жерде ичи тарлык жана менменсинген өзүмчүлдүк бар болсо, ал жерде тартипсиздик жана ар кандай жаман нерселер бар.
3:17 Ал эми асмандан келген акылмандык баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, боорукер, жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес.
3:18 Ал эми адилеттиктин уругу тынчтыкты сактагандарга тынчтык менен себилет.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК