45:1 Жеремия пайгамбардын Нейриянын уулу Барухка айткан сөзү. Барух бул сөздөрдү Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылы Жеремиянын оозунан китепке жазып алып жатканда, Жеремия пайгамбар ага мындай деген:
45:2 «Барух, Ысрайылдын Кудай-Теңири сага мындай дейт:
45:3 Сен: “Мага кайгы! Анткени Теңир менин дартымдын үстүнө кайгы кошту. Мен онтогондон чарчадым, бирок жаным жай таппай жатат”, – дейсиң.
45:4 Ага мындай де: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен эмнени курган болсом, ошону талкалайм, эмнени отургузган болсом, ошонун тамырын жулам, бул жердин баарын ошентем.
45:5 Сен болсо өзүңө чоң нерсени сурап жатасың, сурабагын, анткени мына, Мен ар бир адамдын башына мүшкүл түшүрөм, – дейт Теңир, – бирок кайда барбагын, олжо катары жаныңды аман калтырам”».