үлипаздын экинчи сөзү
15:1 Теймандык элипаз мындай деп жооп берди:
15:2 «Акылман маңызы жок билим менен жооп бермек беле? Кардын ысык желге толтурмак беле?
15:3 Пайдасыз сөздөр менен, күчү жок кеп менен актанмак беле?
15:4 Кудайдан коркконду да унуттуң, Кудайга сүйлөгөндү да оңой көрүп жатасың.
15:5 Күнөөң оозуңду ушунчалык күүлөгөн экен, сен амалкөй адамдардын тилин тандап алдың.
15:6 Сени мен эмес, өз оозуң айыптап жатат, өз тилиң өзүңө каршы сүйлөп жатат.
15:7 Сен эмне, биринчи адам болуп туулдуң беле? Адырлардан мурда жаралдың беле?
15:8 Сен эмне, Кудайдын кеңешин угуп, акылмандыкка эү болуп калдың беле?
15:9 Биз билбегенди сен билесиңби? Биз түшүнбөгөндү сен түшүнөсүңбү?
15:10 Арабызда атаңан да улуу, ак сакалдуу да, кары да бар.
15:11 Сага Кудайдын сооротуусу аздык кылабы? Сен ушуну да билбейсиңби?
15:12 Жүрөгүң сени кайда эүликтирип жатат, эмнеге мынчалык текебер карайсың?
15:13 үмнеге Кудайга каршы рухуңду багыттайсың? Мындай сөздөрдү кантип оозуңа алдың?
15:14 Таза болгудай, адам ким? Аялдан төрөлгөн адил болмок беле?
15:15 Ал өз ыйыктарына да ишене албайт, Анын алдында асман да таза эмес.
15:16 Адилетсиздикти суудай ичкен адам андан бетер таза эмес, ыпылас.
15:17 Мен сүйлөйүн, сен кулак сал. Көргөнүмдү сага айтып берейин.
15:18 Акылмандар аталарынан уккандарын жашырышкан эмес.
15:19 Жер аларга гана берилген, алардын арасында бөлөк-бөтөн элдер болгон эмес.
15:20 Мыйзамсыз өмүр бою өзүн өзү кыйнап өтөт, зулумга өмүр жылдары жашыруун.
15:21 Анын кулагына эрөй учурган дабыштар угулат. Бейкапар жашап жатканда, ага кыйратуучу келет.
15:22 Караңгылыктан кутуларына ишенбейт. өзүн кылыч күтүп турганын билет.
15:23 Бир сындырым нан үчүн анын кыдырбаган жери калбайт. өзү үчүн караңгылыктын күнү даярдалганын билет.
15:24 Жокчулук менен кысымчылык анын жүрөгүнүн эшүн алып, аны согушка камданган падышадай басып алат.
15:25 Анткени ал Кудайга каршы кол сунуп, кудуреттүү Кудайга каршы чыкты.
15:26 Калың калканын алып, кекирейип, Ага каршы бет алды.
15:27 Анткени анын бетин май басты, сандары жоонойду.
15:28 Ал бүлүнгөн шаарларды, урап түшөрүнө аз калган эүн үйлөрдү турак кылат.
15:29 Ал бай болбойт, анын мал-мүлкү тура бербейт, тапканы жер жүзүнө тарабайт.
15:30 Караңгылыктан качып кутулбайт. Анын көчөттөрүн жалын жалмайт, аны өзүнүн оозунун жели менен алып кетет.
15:31 Адашкан адам курулай убаракерчиликке таянбай эле койсун, анткени анын шыбагасы да курулай убаракерчилик болот.
15:32 Ал мезгилсиз өлөт, анын бутагы көгөрбөйт.
15:33 Ал жүзүм сабагы сыяктуу, бышпаган мөмөсүн силкип салат, зайтун дарагы сыяктуу, гүлүн күүп салат.
15:34 Кудайсыздардын үйү ушинтип кыйрайт, паракордун үйүн өрт жалмайт.
15:35 Анын боюна кыянаттык бүтүп, жалгандык төрөдү, курсагы алдамчылык даярдайт».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК