Аюбдун бешинчи жообу
19:1 Аюб мындай деп жооп берди:
19:2 «Качанкыга чейин жанымды кейите бересиңер? Качанкыга чейин мени сөзүңөр менен кыйнай бересиңер?
19:3 Мына, мени ушуну менен он мертебе маскара кылдыңар, мени кыйнап-кыстагандан уялбадыңар.
19:4 үгерде мен чындыгында эле кылмыш кылсам, анда менин күнөөм өзүмдө калат.
19:5 үгерде өзүңөрдү менден жогору койгуңар келсе жана мени маскара болгонум үчүн жемелегиңер келсе,
19:6 анда мени Кудай жыкканын, туш-тушума өзүнүн торун жайып койгонун билгиле.
19:7 Ошондуктан мен: “зордук!” – деп кыйкырып жатам, бирок үч ким укпайт. Жардамга чакырып жатам, бирок акыйкаттык жок.
19:8 Ал менин жолумду бөгөдү, ошондуктан мен өтө албай жатам, менин жолума караңгылык түшүрдү.
19:9 Менден атак-даңкты буруп кетти, башымдан таажымды чечип алды.
19:10 Мени бүт бардыгынан ажыратты, өзүм да бүтүп баратам. Yмүтүмдү дарак сыяктуу түбүнөн омкорду.
19:11 Мага өзүнүн каарын чачып, мени өзүнүн кас душманы катары эсептеди.
19:12 Анын түмөн кошууну биригип келди, багытын мага буруп, менин чатырымды курчап алышты.
19:13 Ал менден бир туугандарымды алыстатты, мени билгендер менден оолактап калышты.
19:14 Жакындарым мени таштап кетишти, тааныштарым мени унутуп коюшту.
19:15 Yйүмдөгү келгиндер жана күңдөрүм мени бөтөн адам катары эсептешет. Аларга мен жат кишидей болуп калдым.
19:16 Кызматчымды чакырсам, ал мага жооп бербейт. Мен ага жалынып-жалбарышым керек.
19:17 Дем алганым өз аялыма жакпай калды, өзүмдөн чыккан балдарым үчүн ага жалынышым керек.
19:18 Атүгүл, мени кичинекей балдар да жек көрүшөт. өйдө турсам, алар мени шылдың кылышат.
19:19 Ынак досторум да менден жийиркенип калышты. Жакшы көргөн адамдарым да мага каршы чыгып калышты.
19:20 Сөөктөрүм денем менен териме жабышып, тишимдин бүйлөсү менен гана калдым.
19:21 Ырайым кылгыла мага, досторум, мага силер ырайым кылгыла, анткени мага Кудайдын колу тийди!
19:22 үмнеге силер да мени Кудай сыяктуу куугунтуктайсыңар, эмнеге этиме тойбой жатасыңар?
19:23 Оо, менин сөздөрүм жазылып калса кана! Алар китепке жазылса кана!
19:24 Коргошунга темир кескич менен чегилсе кана! Аска ташка түбөлүккө басылса кана!
19:25 Мен болсо Куткаруучум тирүү экенин билем, Ал акыркы күнү менин чирип бара жаткан теримди топурактан кайра тургузат.
19:26 Мен өз денемде Кудайды көрөм.
19:27 Мен Аны өзүм көрөм. Башка бирөөнүн көзү эмес, Аны өзүмдүн көзүм көрөт. Көкүрөгүмдө жүрөгүм эрип бара жатат!
19:28 Силер: “Биз аны эмнеге куугунтукка алып жатабыз?” – деп айтууңар керек эле. Менден кыянаттыктын тамыры табылгандай карайсыңар да.
19:29 Кылычтан корккула, анткени кылыч жалгандан өч алат. Сот бар экенин билип койгула».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК