2:1 Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.
2:2 Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.
2:3 Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам. Ал ушуга чейин өзүнүн кемчиликсиздигинде бек турат. Сен болсо аны жазыксыз жерден өлтүрүш үчүн, Мени ага каршы тукурдуң», – деп айтты.
2:4 Шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет.
2:5 Бирок Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?»
2:6 Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, ал сенин колуңда, бирок анын жанына тийбе», – деп айтты.
2:7 Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетип, Аюбдун таманынан төбөсүнө чейин өтө оор пес оорусун каптатты.
2:8 Ал денесиндеги пес оорусун кырып салыш үчүн, карапа сыныгын алып, күлгө отурду.
2:9 Ошондо ага аялы: «Сен дагы эле өзүңдүн кемчиликсиздигиңде бек турасыңбы? Кудайга акарат келтир да, өл», – деди.
2:10 Бирок ал аялына: «Сен акылсыз аялдай сүйлөп жатасың. Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?» – деди. Ушунун баарына карабай, Аюб тили менен күнөөгө баткан жок.
Аюбдун достору
2:11 Аюбдун үч досу: теймандык элипаз, шухтук Билдат жана наамалык Сопар анын башына түшкөн бул кыйынчылыктардын баарын угуп, ар бири өз жеринен келишти. Алар анын кайгысын бөлүшүш үчүн, аны сооротуш үчүн чогулушту.
2:12 Алар Аюбду алыстан көргөндө, таанышкан жок. Жакындаганда өкүрүп-бакырып, боздоп ыйлашты, ар бири өз кийимин айрып, башынан өйдө топурак чачышты.
2:13 Алар жети күн, жети түн аны менен бирге жерде отурушту. үч кимиси бир ооз сөз сүйлөгөн жок, анткени анын кайгысы өтө оор экенин көрүштү.