Кудайды акылмандуулугу үчүн даңктоо
28:1 «Чындыгында, күмүштүн кени бар, алтындын эритүүчү жайы бар.
28:2 Темир жерден алынат. Жез таштан эритилип алынат.
28:3 Адам караңгылыкка чек коёт, караңгылыкта, өлүм көлөкөсүндө кылдаттык менен таш издейт.
28:4 үч кимдин буту баспаган жерден кен казат, түпкүргө түшөт, адамдар жок жерде илинип, термелип турушат.
28:5 Дан өскөн жердин түпкүрүндө от балбылдап жаткансыйт.
28:6 Анын таштарынын арасынан сапфир табышат, ал жерден алтын кум чыгат.
28:7 Ошол жакка барчу жолду жырткыч куш билбейт, аны айры куйруктун көзү көргөн эмес.
28:8 Жаш арстандар аны тепсеген эмес, ал жол менен арстан баскан эмес.
28:9 Ал гранит ташка колун сунат, тоолорду түп-тамыры менен омкорот.
28:10 Аскаларды тешип жол чыгарат, анын көздөрү бардык асыл байлыктарды көрөт.
28:11 Агын суулардын агымын токтотот, жашыруун жаткандарды жарыкка чыгарат.
28:12 Бирок акылмандык кайдан алынат? Акылдын жаткан жери кайда?
28:13 Адам анын баасын билбейт, ал тирүүлөр жашаган жерден табылбайт.
28:14 Түпкүр айтат: “Акыл менде эмес”, – деп, деңиз да: “Менде эмес”, – дейт.
28:15 Аны алтынга ала албайсың, күмүшкө сатып ала албайсың.
28:16 Ал Опирдин алтыны менен да, кымбат баалуу акак таш менен да, көк жакут менен да бааланбайт.
28:17 Ага алтын да, тунук кристалл да тең келбейт, аны таза алтындан жасалган идиштерге да алмаша албайсың.
28:18 Ал эми маржан менен берметтерди айтып өтүүнүн кажети да жок, акылмандыкка жетүү кыпкызыл лаалга жетүүдөн алда канча артык.
28:19 Ага эфиопиянын сары жакут таштары да тең келбейт. Ал таза алтын менен бааланбайт.
28:20 Анда акылмандык кайдан чыгат? Акылдын чыккан жери кайда?
28:21 Ал бардык тирүү жандардын көзүнөн жашыруун, асман куштарына да көрүнбөйт.
28:22 Абадон менен өлүм: “Ал жөнүндөгү сөздү биз өз кулагыбыз менен уктук”, – дешет.
28:23 Анын жолун бир гана Кудай билет, анын орду бир гана Кудайга маалым.
28:24 Анткени Ал жердин түпкүрүнө чейин карап турат, асман астындагынын бардыгын көрүп турат.
28:25 Ал шамалга салмак берип жатканда, сууларды өлчөмү менен жайгаштырып жатканда,
28:26 жамгырга мыйзам берип жатканда, күркүрөгөн чагылгандын жолун түзүп жатканда,
28:27 аны көрдү жана көрсөттү, аны даярдады, сыноодон да өткөрдү.
28:28 Анан адамга мындай деп айтты: “Мына, акылмандык деген – Кудайдан коркуу, акыл деген – кыянаттыктан качуу”».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК