41:1 Сенин эмүтүң бекер, анын бир эле көз карашынан кулап калбайт бекенсиң?
41:2 Анын тынчын алганга батынгыдай баатыр жок, анан Менин алдымда ким туруштук берип тура алат?
41:3 Мен карыз болгудай, Менден мурун бирөө бар беле? Асман астындагынын бүт бардыгы Меники.
41:4 Анын дене мүчөлөрү тууралуу, анын күчү тууралуу, анын төп келишкен келбети тууралуу унчукпай коё албайм.
41:5 Ким анын терисин сыйрый алат, ким анын кош жаагына жакындап бара алат?
41:6 Ким анын оозун ача алат? Анын тегерете тизилген тиштери эрөйдү учурат.
41:7 Анын сыймыгы – катуу кабырчыгы. Алар бири-бирине бекем жабыштырылган.
41:8 Алар бири-бирине тийип турат, арасынан аба да өтпөйт.
41:9 Бири-бирине тыгыз жатат, бири-бирине жармашып турат, ажырабайт.
41:10 Анын чүчкүрүгүнөн жарык көрүнөт, анын көздөрү таңдын кирпиктериндей.
41:11 Анын оозунан жалын чыгып, от учкундары чачырайт.
41:12 Кайнап жаткан казандан түтүн чыккансып, анын таноолорунан түтүн чыгат.
41:13 Анын деми көмүрдү күйгүзүп кетет, анын оозунан жалын чыгат.
41:14 Анын мойнунда күч жатат, анын алдында коркунуч качат.
41:15 Анын денесинин эт бөлүктөрү өз ара бекем бириккен, козголбойт.
41:16 Анын жүрөгү таштай катуу, тегирмендин астынкы ташындай катуу.
41:17 Ал ордунан турганда, балбандарды коркунуч басып, эрөйлөрү учкандыктан, өздөрүн таптакыр жоготуп коюшат.
41:18 Ага тийген кылыч да, найза да, дегүү да, соот да туруштук бере албайт.
41:19 Темирди ал саман катары, жезди чириген дарак катары эсептейт.
41:20 Жаа кызы аны качыра албайт. Салмоор таштары ал үчүн топондой.
41:21 Чокморду ал бир тал самандай көрөт, дегүэнин ышкырып учканына анын күлкүсү келет.
41:22 Анын астында курч таштар жатат, ал баткактагы учтуу таштардын үстүндө жатат.
41:23 Ал иримди казандай боркулдатып, деңизди майдай кайнатат.
41:24 Артына жарык чачкан жол калтырат, ошондо түпсүздүк агарып калгандай көрүнөт.
41:25 Жер үстүндө ага үч нерсе тең келе албайт, ал коркпос болуп жаратылган.
41:26 Бийик тургандардын баарына тайманбай карайт, ал – бардык текебер уулдардын падышасы».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК