үпрайым уруусунун жана Менашенин жарым уруусунун элүшү
16:1 Андан кийин өкчөмө таш Жусуптун уулдарына түштү: Жерихонун жанындагы, чыгыш тараптагы Жерихо сууларынын жанындагы Иордандан тартып, Жериходон Бейтел тоосуна чейин созулуп жаткан чөл.
16:2 Чек ара Бейтел тоосунан Лузга кетет, Атароттун жанындагы Архи чек арасына чейин жетип,
16:3 деңизге, жаплеттиктердин чек арасына түшөт да, төмөнкү Бейт-Корон чек арасы менен Гезерге чейин жетип, деңиздин жанынан бүтөт.
16:4 Бул жерлерди Жусуптун уулдары Менаше менен эпрайым элүшкө алды.
үпрайым уруусунун элүшү
16:5 үпрайым уруусундагы эй-бүлөлөрдүн чек аралары мындай: алардын чыгыш тараптагы чек арасы Атрот-Адардан жогорку Бейт-Коронго чейин кетет.
16:6 Анан чек ара Михметаттын түндүк тарабынан деңизди карай кетет да, Таанат-Шилонун чыгыш тарабына бурулуп, аны Жаноахтын чыгыш тарабынан айланып өтөт.
16:7 Жаноахтан Атарот менен Нааратка түшүп, Жерихого келип, Иорданга чейин жетет.
16:8 Тапуахтан чек ара деңизге, Кана дарыясына кетет да, деңиз менен бүтөт. эпрайым уруусуна эй-бүлөлөрүнө жараша тийген элүш ушул.
16:9 Менаше уулдарынын элүшүнүн ичинен эпрайым уулдарына ушул шаарлар менен айыл-кыштактар бөлүндү.
16:10 Бирок эпрайым уулдары Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыгышкан жок, ошондуктан канаандыктар эпрайым уулдарына салык төлөп, алардын арасында азыркыга чейин жашашат.