17:1 Уруш-талаш кетпеген эйдөгү толо эттен тынч жашаган эйдөгү бир сындырым каткан нан артык.
17:2 Акылдуу кул мырзасынын бузулган уулуна бийлик кылат, анын бир туугандары менен кошо мураска эү болот.
17:3 үритүүчү меш күмүш үчүн, көрүктүн очогу алтын үчүн, ал эми жүрөктөрдү Теңир сынайт.
17:4 Бузуку адам мыйзамсыздын сөзүн угат, алдамчы адам кыянатчы адамдын тилин алат.
17:5 Жакырды тилдеген адам анын Жаратканына акарат келтирген болот. Бирөөнүн башына мүшкүл түшкөнүнө кубанган адам жазасыз калбайт.
17:6 Карылардын таажысы – балдарынын балдары, балдардын даңкы – ата-энелери.
17:7 Акылсыз адамга маанилүү сөз жарашпайт, атактуу адамга калп айткан жарашпайт.
17:8 Пара – берчү киши үчүн асыл таш, ал каякка кайрылса да элгүрөт.
17:9 Айыпты жаап койгон адам сүйүү издейт, ал эми аны кайра эскерткен адам досун алыстатат.
17:10 Акылсыз адамга жүз балак таасир эткенге караганда, акылдуу адамга сөгүш катуу таасир этет.
17:11 Жаңжалчыл жамандык гана издейт, ошондуктан ага каршы ырайымсыз периште жөнөтүлөт.
17:12 Акылсыз адамга кезиккиче, мамалактарынан ажыраган аюуга кезиккен жакшы.
17:13 Жакшылыкка жамандык менен жооп берген адамдын үйүнөн жамандык кетпейт.
17:14 Чатактын башталышы жарып кирген суудай. Чатакты күчөп кете электе токтот.
17:15 Мыйзамсыз адамды актаган адам да, адил адамды каралаган адам да Теңирдин алдында жийиркеничтүү.
17:16 Акылсыздын колундагы байлыктын баркы жок. Даанышмандыкка жетүүгө анын акылы жок.
17:17 Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет.
17:18 Кем акыл адам колун берип, өз жакынына кепилдикке өтөт.
17:19 Чатакты жакшы көргөн адам күнөөнү жакшы көрөт. Дарбазасын бийик көтөргөн адам – жыгылууну издеген адам.
17:20 Анткор жүрөк жакшылык көрбөйт, амалкөй тил кырсыкка кабылат.
17:21 Акылсызды төрөгөн адам башына балаа эйдү, акылсыздын атасы да кубаныч көрбөйт.
17:22 Шайыр жүрөк даба болчу дарыдай жакшы таасир берет, кайгылуу рух сөөктү кургатат.
17:23 Акыйкаттыктын жолун бурмалаш үчүн, мыйзамсыз адам жең ичинен пара алат.
17:24 Даанышмандык акылдуу адамдын көз алдында, ал эми акылсыздын көзү жердин түбүндө.
17:25 Акылсыз уул – атасынын шору, энесинин кайгысы.
17:26 Айыбы жокту айыптаган, чындык үчүн мырзаларды таяктаган жакшы эмес.
17:27 Акылдуу адам токтоолук менен сүйлөйт, акыл-үстүү адам сабырдуу болот.
17:28 Акылсыз адам унчукпай турганда акылдуу адам болуп көрүнүшү мүмкүн, ооз ачпаган адам акыл-үстүү адам болуп көрүнүшү мүмкүн.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК