Уландысы. Жалкоолор менен калпычылар урмат-сыйга татыктуу эмес
26:1 Акылсыз адамга көрсөтүлгөн урмат жайында жааган кардай, оруу-жыюу маалында жааган жамгырдай орунсуз.
26:2 Жөн жерден айтылган каргыш таранчынын бырп этип, чабалекейдин шуу этип учуп кеткениндей, ал орундалбайт.
26:3 Камчы ат үчүн, жүгөн эшек үчүн, ал эми таяк акылсыздар үчүн.
26:4 Акылсыз адамга акылсыздыгына жараша жооп бербе, болбосо өзүң да ага окшоп акылсыз болуп каласың.
26:5 Акылсыз өзүн акылдуу эсептеп калбашы үчүн, ага акылсыздыгына жараша жооп бер.
26:6 Акылсызды чабарман кылуу өз бутун өзү кескенге барабар, анткен адам балүэни башына эйөт.
26:7 Акылсыздардын накыл айтканы аксактын басыгындай.
26:8 Асыл ташты салмоорго салып ыргытуу акылсызга урмат көрсөтүүгө барабар.
26:9 Акылсыздын оозунан чыккан накыл сөз мастын колундагы тикенектей.
26:10 Күчтүү адам бардык нерсени өз каалоосу боюнча кылат: ал акылсызды да сыйлайт, өтүп бара жаткан кишини да сыйлайт.
26:11 Дөбөт өзүнүн кусундусуна кайра келгендей, акылсыз да акылсыздыгын кайра кайталай берет.
26:12 өзүн акылман эсептеген адамды көрдүң беле? Ага караганда акылсыз адамга көбүрөөк эмүттөнсө болот.
26:13 Жалкоо адам: «Жолдо арстан турат! Аянтта арстан турат!» – дейт.
26:14 үшик өзүнүн ашык-машыгында айланат, ал эми жалкоо өзүнүн төшөгүндө оонайт.
26:15 үринчүүк адам колун чөйчөккө сунат, бирок аны оозуна жеткирүү – ал үчүн кыйын иш.
26:16 Жалкоо өзүн ойлонуп жооп берген жети кишиден акылдуу эсептейт.
26:17 өтүп бара жатып бирөөнүн чыр-чатагына кийлигишүү дөбөттү кулактан алганга барабар.
26:18 Акылынан ажырамыш болуп, оттуу өлүм жебелерин ыргытуу
26:19 досуна эки жүздүүлүк менен зыян келтирип туруп: «Мен тамашалап эле койдум», – дегенге барабар.
26:20 Отун жок жерде от өчөт, ушакчы жок жерде чатак басылат.
26:21 Жыгачтын көмүрү ысытат, отун отту тутантат, ал эми урушчаак адам чыр-чатак чыгарат.
26:22 Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.
26:23 Таза эмес жүрөктөн чыккан жагымдуу сөздөр таза эмес күмүш менен капталган чопо идиштей.
26:24 Душман тили менен анткорлонуп сүйлөйт, бирок жүрөгүндө жамандык ойлоп турат.
26:25 Ал назик эн менен сүйлөсө да, ага ишенбе, анткени анын жүрөгүндө жети кыянатчылык бар.
26:26 үгерде жек көргөнүн билгизбей алдап жүрсө, анда анын ачуусу эл чогулган жерде билинет.
26:27 Бирөөгө ор казган адам орго өзү түшөт, тоголоткон ташы тоголоткон адамдын өзүнө келип тиет.
26:28 Жалганчы тил өзү ыза кылган адамдарды жек көрөт, кошоматчы ооз бирөөгө жыгылуу даярдайт.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК