Башка эскертүүлөр
6:1 Уулум! эгерде жакыныңа кепил болуп, башка бирөө үчүн кол берсең,
6:2 анда сен оозуңдан чыккан сөзүң менен өзүңдү чырмап алдың, өз оозуңдан чыккан сөздөрүң менен кармалдың.
6:3 Уулум, мындай кыл: өзүңдү куткар, анткени сен жакыныңдын колуна түшүп калдың, бар, бутуна жыгыл, жакыныңа жалынып-жалбар.
6:4 Көзүңдү ирмебе, кирпик какпа.
6:5 Мергенчинин колунан кутулган жейрендей, кушчунун колунан кутулган куштай кутул.
6:6 Жалкоо, кумурскаларды кара, алардын иш-аракетин көр, анан акылыңа кел.
6:7 Алардын башчысы да, көзөмөлчүсү да, өкүмдары да жок.
6:8 Бирок алар өздөрүнүн нанын жайында камдап алышат, өздөрүнүн азыгын оруу-жыюу маалында жыйнап алышат.
6:9 Жалкоо, качанга чейин уктай бересиң, качан ойгоносуң?
6:10 Бир аз уктай турсаң, колуңду бооруңа алып, эргүлөп, бир аз жата турсаң,
6:11 жакырлыгың жолоочудай, муктаждыгың каракчыдай кирип келет.
6:12 Анткор, мыйзамсыз адам жалган сүйлөйт.
6:13 Көзүн кысат, буту менен сүйлөп, манжалары менен белги берет.
6:14 Анын жүрөгүндө жүзү каралык, качан болбосун, ойлогону жамандык, арага чагым салат.
6:15 Ошон үчүн ал күтүлбөгөн жерден өлөт, капыстан талкаланат, айыкпас дартка чалдыгат.
6:16 Теңир жек көргөн алты нерсе, атүгүл, Анын жанына жийиркеничтүү болгон жети нерсе:
6:17 менменсинген көздөр, жалган тил, жазыксыз адамдын канын төккөн кол,
6:18 жамандык ойлогон жүрөк, кыянаттык кылганга тез чуркаган буттар,
6:19 жалган жалаа жапкан жалган күбө, бир туугандардын ортосуна от жаккандар.
Бузулган аялдан сак болуу жөнүндө
6:20 Уулум! Атаңдын осуяттарын сакта, энеңдин акыл-насаатын четке какпа.
6:21 Аларды жүрөгүңө түбөлүккө байлап ал, мойнуңа тегерете байлап ал.
6:22 Жолго чыкканыңда, алар сени жетектейт, уктап жатканыңда кайтарат, ойгонгонуңда сени менен маектешет.
6:23 Анткени осуят – чырак, акыл-насаат – жарык, насыятты эйрөнүү – өмүргө жол.
6:24 Алар сени бузулган аялдан, башка бирөөнүн аялынын жасакерленип сүйлөгөн сөзүнөн сактайт.
6:25 Жүрөгүңдө анын сулуулугун каалаба, ал сени кирпиги менен өзүнө тартып кетпесин.
6:26 Анткени бузулган аялдын айынан адам бир сындырым нанга жетпей калат, бирөөнүн аялы кымбат жанды торго түшүрөт.
6:27 Ким көйнөгүн күйгүзбөй, отту колтугуна катып жүрө алат?
6:28 Ким бутун күйгүзбөй, күйүп турган чоктун үстүнөн басып жүрө алат?
6:29 Жакынынын аялына кирген адам ошондой болот, ага жакындаган адам күнөөгө батпай койбойт.
6:30 Курсагын тойгузуш үчүн, ачкалыктын айынан ууруга кирген кишини жек көрүшпөйбү?
6:31 Ал кармалганда, жети эселеп төлөп берет, үйүндөгү бардык мал-мүлкүн берет.
6:32 Ал эми бирөөнүн аялы менен ойноштук кылган адамдын акылы жок, мындай кылган адам өз жанын өлтүрөт.
6:33 Ал токмок да жейт, абийири да кетет, маскара болгону унутулбайт.
6:34 Анткени кызганчаактык – күйөөсүнүн каары, ал өч алган күнү аябайт.
6:35 үч кандай кун кабыл албайт, канчалык белек берсең да канагаттанбайт.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК