1:1 Дөөттүн забуру. Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган адам бактылуу.
1:2 Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот.
1:3 Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет.
1:4 Кудайсыздар мындай эмес, алар шамал сапырган топурактай.
1:5 Ошондуктан кудайсыздар сотто туруштук бере алышпайт, ошондой эле күнөөкөрлөр адилеттүүлөрдүн жыйынында отура алышпайт.
1:6 Анткени Теңир адилеттүүлөрдүн жолун билет, ал эми кудайсыздар өз жолунда жок болушат.