11:1 Ырчылар тобунун башчысына. Сегиз кылдуу аспап менен. Дөөттүн забуру.
11:2 Теңир, куткар, анткени адил адамдар калбай калды, адам баласынын арасында ишенимдүүлөр жок.
11:3 Ар ким өз жакынына жалган айтууда. Жүрөктөрүнүн анткорлугунан кошомат кылып сүйлөшөт.
11:4 Теңир текебердене сүйлөгөндөрдү, кооздоп сүйлөгөндөрдү кырып жок кылат.
11:5 «Биз тилибиз менен жеңебиз, оозубуз өзүбүздүкү, эмне айтсак, өзүбүз билебиз, бизге ким кожоюн экен?» дегендерди Теңир жок кылат.
11:6 «Кедейлерди талап-тоноп жатышкандыктан, жакырлар онтоп жатышкандыктан, азыр ордуман турам да, мыйзамсыз тарабынан кысымга алынып жаткан адамга жардам берем», – дейт Теңир.
11:7 Теңирдин сөздөрү – таза сөздөр, топурактан тазаланып, меште жети жолу эритилген күмүш.
11:8 Теңир, Сен аларды сактайсың, аларды ушундай адамдардан түбөлүккө коргойсуң.
11:9 Адамдардын начары жогору көтөрүлгөндө, бардык жерде кудайсыздар көбөйөт.