122:1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Асманда жашаган Кудай, көзүм Сенде!
122:2 Кулдардын көздөрү мырзаларынын колдорун карагандай, күңдөрдүн көздөрү мырзайымдарынын колдорун карагандай, Кудай-Теңирибиз бизге качан ырайым кылат деп, биздин көзүбүз да Аны карап турат.
122:3 Бизге ырайым кыл, Теңир, бизге ырайым кыл, анткени жетишерлик эле жек көрүндү болдук.