126:1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Сулаймандыкы. эгерде эйдү Теңир курбаса, анда аны куруп жаткандардын иштегени бекер. эгерде шаарды Теңир сактабаса, сакчынын уктабай сак турганы бекер.
126:2 Силердин эрте туруп, кеч жатып, кыйналып нан таап жегениңер бекер. Анткени Ал аны өзү сүйгөн адамга уктап жатканында да берет.
126:3 Балдар – Теңир берген мурас. Перзенттер – Ал берген сыйлык.
126:4 Жаш балдар күчтүүнүн колундагы жебелердей.
126:5 Саадагын аларга толтурган адам бактылуу! Алар душмандары менен дарбаза алдында сүйлөшкөндө, уятка калышпайт.