130:1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Дөөттүкү. Теңир! Менин жүрөгүм текеберденген эмес, көздөрүм менменсинген эмес, мен улуу иштерге жана мен үчүн кол жеткис болгон нерселерге киришкен эмесмин.
130:2 Мен өзүмдүн жанымды эмчектен чыккан баладай жоошуткан жок белем, тынчтандырган жок белем? Менин жаным эмчектен чыккан баладай болчу.
130:3 Ысрайыл азыр жана түбөлүккө Теңирге таянсын!