136:1 Сионду үстегенде, Бабыл дарыяларынын жүүгинде отуруп алып ыйладык.
136:2 Ал жерде өскөн талдарга арфаларыбызды илдик.
136:3 Ал жерде бизди туткунга алгандар бизден ыр талап кылышты, бизди кысымга алгандар биздин көңүл ачуубузду талап кылып: «Бизге Сиондун ырларынан ырдап бергиле», – дешти.
136:4 Биз Теңирдин ырын бөтөн жерде кантип ырдайбыз?
136:5 Иерусалим, эгерде сени унутуп койсом, анда мени оң колум унутсун.
136:6 Иерусалим, эгерде сени эсимден чыгарып койсом, эгерде сени кубанычымдын туу чокусу кылбасам, анда тилим таңдайыма жабышып калсын.
136:7 Теңир, эдом уулдарынан өч ал. Иерусалимди талкалап жатышканда, алар: «Талкалагыла, аны пайдубалына чейин талкалагыла», – дешкен.
136:8 Бабыл кызы, кыйраткыч! Сенин бизге кылгандарың үчүн өч алган адам бактылуу!
136:9 Сенин наристелериңди ташка чапкан адам бактылуу!