Машайак жөнүндө пайгамбарчылык
15:1 Дөөттүн ыры. Кудай, мени сактай көр, анткени өзүңө таянам.
15:2 Мен Теңирге мындай дедим: «Сен менин Теңиримсиң. Сага менин тартууларымдын кереги жок.
15:3 Мен Сенин жер үстүндөгү ыйыктарыңа, атактууларыңа тартылам».
15:4 Бөлөк кудайга кайрылгандардын кайгысы көбөйсүн. Мен алардын кандуу курмандыктарын чалбайм, алардын ысымдарын оозума албайм.
15:5 Теңир менин элүшүм, менин мурасым. Тагдырым Сенин колуңда.
15:6 Мага жакшы элүш тийди, мурасым өзүмө жагат.
15:7 Мага кеңеш берген Теңиримди даңктайм. Атүгүл, түнкүсүн да жүрөгүм мага акыл эйрөтүп турат.
15:8 Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм.
15:9 Ошондуктан жүрөгүм кубанычка толуп, тилим шаттуу сүйлөп жатат. Атүгүл, денем да тынч алды.
15:10 Анткени Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың, өз ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.
15:11 Сен мага өмүр жолун көрсөтөсүң. Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК