22:1 Дөөттүн забуру. Теңир менин Кайтаруучум. Мен үч нерсеге муктаж болбойм.
22:2 Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат.
22:3 өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат.
22:4 өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат.
22:5 Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат.
22:6 Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом.