Кечки сыйынуу
4:1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дөөттүн забуру.
4:2 Мен чакырганда, үнүмдү ук, мени актоочу Кудай! Кысталыштарда Сен мага эркиндик берип тургансың. Мага ырайым кыл, сыйынуумду ук.
4:3 Адам балдары! Качанга чейин менин даңкым шылдың боло берет? Качанга чейин убаракерчиликти сүйө бересиңер? Качанга чейин жалганды издей бересиңер?
4:4 Теңир өзү үчүн өзүнүн ыйыгын бөлүп койгонун билип койгула. Мен Теңирди чакырганда, Ал мени угат.
4:5 Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: төшөктө жатканыңарда ойлонуп сабыр кылгыла.
4:6 Чындык курмандыгын чалгыла, Теңирге таянгыла.
4:7 Көп адамдар: «Бизге ким жакшылык кылат?» – дешет. Теңир, бизге өз жүзүңдүн жарыгын көрсөт.
4:8 Алардын жүүр наны, ичүүр шарабы арбыган мезгилден бери, Сен менин жүрөгүмдү кубанычка бөлөдүң.
4:9 Мен тынч жатып, тынч уктайм, анткени мага коопсуз жашоо берген бир өзүңсүң, Теңир.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК