Кудай – Жеңүүчү
75:1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Асаптын забуру. Ыр.
75:2 Кудай Жүйүт аймагында белгилүү, Ысрайылда Анын ысымы улуу.
75:3 Анын үйү Шалемде, жашаган жайы Сион тоосунда.
75:4 Ал жерде Кудай жаанын жебелерин, калканды, кылычты, согуш куралдарын талкалады.
75:5 Сен даңктуусуң, жырткыч тоолордон да күчтүүсүң.
75:6 үр жүрөктөр да жем болушту, түбөлүк уйкуга кетишти, күчтүү аскерлер да күчтөрүн жоготушту.
75:7 Оо Жакыптын Кудайы, Сенин каарыңдан ат да, араба да түбөлүк уйкуга кетти.
75:8 Сен өтө коркунучтуусуң. Сен каарданганда, ким туруштук бере алат?
75:9 Асмандан өкүмүңдү жарыялаганда, жер коркконунан тынчып калды.
75:10 Анткени Кудай жердеги эзилгендердин баарын куткаруу үчүн, сот жүргүзүү үчүн ордунан турду.
75:11 Ошондо адамдардын каардануусу Сени даңктоого айланат, калган каарды да өзүң тыясың.
75:12 Кудай-Теңирге убадаларыңарды бергиле, аларды аткаргыла! Анын тегерегинде тургандар коркунучтуу Кудайга тартууларын алып келишсин.
75:13 Ал төрөлөрдүн рухун баш ийдирет, жердеги падышалар үчүн Ал коркунучтуу.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК