Теңир падышачылык кылып жатат
96:1 Теңир падышачылык кылып жатат: жер кубансын, сансыз аралдар шаттансын.
96:2 Анын тегереги – булут жана караңгылык. Анын тактысынын негизи – адилеттик жана акыйкаттык.
96:3 Анын алдында от бара жатат, ал Анын тегерегиндеги душмандарын куйкалап жатат.
96:4 Анын чагылгандары ааламды жарык кылат. Муну көрүп жер титирейт.
96:5 Тоолор бүт жер жүзүнүн Теңиринин жүзүнөн мом сыяктуу эрип жатат.
96:6 Асман Анын чындыгын жарыя кылып жатат, бардык элдер Анын даңкын көрүп жатышат.
96:7 Таш буркандарга кызмат кылгандар жана жасалма кудай менен мактангандар уятка калышсын. Бардык кудайлар, Анын алдына жыгылгыла.
96:8 Сион тоосу угуп кубанып жатат; Теңир, Сенин адилет сотуң үчүн Жүйүт кыздары кубанып жатышат.
96:9 Анткени Сен, Теңир, бүт жер жүзүнөн жогору турасың, Сен бардык кудайлардан жогорусуң.
96:10 Теңирди сүйгөндөр, жамандыкты жек көргүлө! Ал өзүнүн ыйыктарынын жанын сактайт, аларды кудайсыздардын колунан куткарат.
96:11 Адил адамга жарык тиет, жүрөгү тазаларга шаттык келет.
96:12 Адил адамдар, Теңирди ойлоп кубангыла, Анын ыйыктыгын үстеп даңктагыла!
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК