7:1 Исахардын уулдары: Пуя, Тола, Жашуп жана Шимрон – төртөө.
7:2 Толанын уулдары: Узи, Репая, Жериел, Жахмай, Жипсам жана Шемуел. Алар Толанын уруу башчылары болушкан. Алардын урууларындагы адамдар жоокерлер эле. Алардын саны Дөөттүн убагында жыйырма эки миң алты жүзгө жеткен.
7:3 Узинин уулу – Жизрахия. Ал эми Жизрахиянын уулдары: Михаел, Обадия, Жоел жана Жишия – бешөө. Булардын бардыгы башчылар болгон.
7:4 Алардын урууларында согушка даяр турган отуз алты миң жоокери болгон. Анткени алар көп аял алгандыктан, уулдары көп болгон.
7:5 Алардын бир туугандары болгон Исахардын урууларындагы жоокер адамдардын санжырага киргендеринин саны сексен жети миң.
7:6 Бенжеминдин уулдары: Бела, Бехер жана Жедийаел – эчөө.
7:7 Беланын уулдары: эспон, Узи, Узиел, Жеримот жана Ири – бешөө. Уруу башчылары жоокер адамдар болгон. Алардын санжырага киргендеринин саны жыйырма эки миң отуз төрт.
7:8 Бехердин уулдары: Земира, Жааш, элиезер, элийойнай, Омри, Жереймот, Абия, Анатот жана Алемет. Булардын баары – Бехердин уулдары.
7:9 Санжырасында алардын уруулары боюнча, урууларга башчылык кылган жоокер адамдары жыйырма миң эки жүз болуп катталган.
7:10 Жедийаелдин уулу – Билан. Биландын уулдары: Жейуш, Бенжемин, эйут, Кенаана, Зейтан, Таршыш жана Акишакар.
7:11 Жедийаелдин ушул уулдары уруулардын башында турган жоокер адамдар болгон. Согушка чыга тургандары он жети миң эки жүз эле.
7:12 Шупим жана Хупим – Ирдин уулдары. Хушим – Ахейирдин уулу.
7:13 Напталынын уулдары: Жахсиел, Гуни, Жетсер жана Шалум. Булар – Биладан төрөлгөн уулдары.
7:14 Менашенин уулдары: Асриел жана Гилаттын атасы Махир. Буларды рамдык күң аялы төрөгөн.
7:15 Махир Хупим менен Шупимдин карындашына үйлөнгөн, алардын карындашынын ысымы – Мааха. Дагы башка уулунун ысымы – Салапат. Салапаттын кыздары гана болгон.
7:16 Махирдин аялы Мааха уул төрөп, ысымын Переш койду, анын бир тууганынын ысымы – Шереш. Анын уулдары: Улам менен Рекем.
7:17 Уламдын уулу – Бедан. Булар – Гилаттын уулдары. Гилат – Махирдин уулу, Махир – Менашенин уулу.
7:18 Анын карындашы Амолехет Ишоданы, Абиезерди жана Махланы төрөгөн.
7:19 Шемиттин уулдары: Ахийан, Шехем, Лики жана Аниям.
7:21 Шутелах, эзер жана элат. эпрайымдын уулдарын Гаттын тургундары өлтүрүп салышкан, анткени алар гаттыктардын малын тартып алганы барышкан.
7:22 Алардын атасы эпрайым уулдарын жоктоп, көп күн аза күттү. Бир туугандары аны соороткону келишти.
7:23 Анан ал өз аялына жакындады. Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Атасы баланын ысымын Берия койду, анткени анын үйүнө мүшкүл түшкөн эле.
7:24 Анын Шейера деген кызы болгон. Ал кыз төмөнкү жана жогорку Бейт-Корон менен Узейин-Шейераны курду.
7:25 үпрайымдын уулу – Репай, Репайдын уулу – Решеп, Решептин уулу – Телах, Телахтын уулу – Тахан,
7:26 Тахандын уулу – Ладан, Ладандын уулу – Амийут, Амийуттун уулу – элишама,
7:27 үлишаманын уулу – Нун, Нундун уулу – Жашыя.
7:28 Алар эүлеген, алар турган жерлер: Бейтел жана анын карамагындагы шаарлар; чыгыш жактагы Нааран, батыш жактагы Гезер жана анын карамагындагы шаарлар; Шекем жана анын карамагындагы шаарлар, Аза жана анын карамагындагы шаарлар.
7:29 Ал эми Менашенин уулдары Бейт-Шейанды жана анын карамагындагы шаарларды, Таанахты жана анын карамагындагы шаарларды, Мегидону жана анын карамагындагы шаарларды, Дорду жана анын карамагындагы шаарларды эүлешкен. Ал шаарларда Ысрайыл уулу Жусуптун уулдары жашап турушкан.
7:30 Ашырдын уулдары: Имна, Жишпа, Жишпи менен Берия, булардын карындашы Серак болгон.
7:31 Бериянын уулдары: Хебер менен Малкиел. Малкиел – Бирзайиттин атасы.
7:32 Хеберден Жаплет, Шомер, Хотам жана алардын карындашы Шуя төрөлдү.
7:33 Жаплеттин уулдары: Пасах, Бимал жана Ашбат. Булар – Жаплеттин уулдары.
7:34 Шемердин уулдары: Аки, Рага, Хуба жана Рам.
7:35 Анын бир тууганы үйлемдин уулдары: Сопах, Имна, Шейлеш жана Амал.
7:40 Булардын баары – Ашырдын уулдары, уруу башчылары, тандалган жоокер адамдары, башкы жетекчилери. Алардын санжырасына кирген, согушка даяр жоокерлердин саны жыйырма алты миң.