Сүйүү
13:1 үгерде мен адамдын жана периштенин тили менен сүйлөй алсам, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен зың эткен жезмин же шыңгыраган коңгуроомун.
13:2 үгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге эү болсом, тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен үч ким эмесмин.
13:3 үгерде мен мал-мүлкүмдүн баарын таратып берсем, денемди отко таштоого даяр болсом, бирок менде сүйүү жок болсо, мунун баары пайдасыз.
13:4 Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт,
13:5 адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт,
13:6 адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат,
13:7 баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарынан эмүт эзбөйт, баарын көтөрөт.
13:8 Сүйүү үч качан токтобойт. Пайгамбарчылык айтылбай калат, тилдер сүйлөнбөй калат, билимдин кереги жок болуп калат.
13:9 Анткени биздин билимибиз чектелүү, пайгамбарчылыгыбыз да чектелүү.
13:10 Жеткилеңдүүлүктүн убагы келгенде, чектелүү нерселер жок болот.
13:11 Бала кезимде жаш балача сүйлөп, жаш балача ойлонуп, жаш балача ой жүгүртчүмүн. эр жеткенде балалык көз караштарымды калтырдым.
13:12 Азыр биз күңүрт күзгүдөн көргөнсүп, даана көрө албай жатабыз, кийин болсо даана көрөбүз. Азыр менин билимим чектелүү, Теңир мени кандай билсе, кийин мен баарын ошондой билип алам.
13:13 Ал эми азыр үчөө бар: ишеним, эмүт, сүйүү. Бирок сүйүү баарынан жогору.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК