Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Шемуел – Ысрайылдын башкаруучусу

    7:1 Кырыйат-Жарымдын тургундары келип, Теңирдин келишим сандыгын алып кетишти. Аны дөңдөгү Аминадаптын үйүнө алып барышты, анын уулу элазарды Теңирдин келишим сандыгын кайтарууга дайындашты.

    7:2 Келишим сандыгын Кырыйат-Жарымга койгон күндөн кийин көп убакыт өттү, жыйырма жылдай болду. Бүткүл Ысрайыл эли Теңирге кайрылды.

    7:3 Ошондо Шемуел бүт Ысрайыл элине мындай деп айтты: «үгер силер Теңирге бүт жүрөгүңөр менен кайрылып жатсаңар, анда өз араңардан бөтөн кудайлар менен Ашейраны алып салгыла да, жүрөгүңөрдү Теңирге буруп, бир гана Ага кызмат кылгыла. Ошондо Ал силерди пелиштиликтердин колунан куткарат».

    7:4 Ысрайыл уулдары жасалма кудайлар Ашейра менен Баалды алып таштап, бир гана Теңирге кызмат кыла башташты.

    7:5 Ошондо Шемуел аларга: «Бүт Ысрайылды Миспага чогулткула, мен силер үчүн Теңирге сыйынам», – деди.

    7:6 Алар чогулуп, суу сузуп, Теңир алдында төгүштү. Ошол күнү орозо кармап, мындай дешти: «Биз Теңирдин алдында күнөө кылдык». Шемуел Миспада Ысрайыл уулдарын башкарып турду.

    7:7 Пелиштиликтер Ысрайыл уулдарынын Миспага чогулганын угушканда, Пелиштинин төрөлөрү Ысрайылга каршы жөнөштү. Ысрайылдыктар муну угушканда, пелиштиликтерден коркушту.

    7:8 Ошондо Ысрайыл уулдары Шемуелге: «Кудай-Теңирибизге биз үчүн жалынганыңды токтото көрбө, Ал бизди пелиштиликтердин колунан куткарсын», – деди.

    7:9 Шемуел сүт эмген бир козуну алып, аны Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды да, Ысрайыл үчүн Теңирге жалынды, Теңир аны укту.

    7:10 Шемуел бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп жатканда, пелиштиликтер Ысрайыл менен согушууга келишти. Бирок ошол күнү Теңир пелиштиликтердин үстүнөн катуу күркүрөп, аларды дүрбөлөңгө түшүрдү, алар ысрайылдыктардын алдында талкаланышты.

    7:11 Ысрайылдыктар Миспадан чабуулга өтүп, пелиштиликтердин артынан кууп, аларды Бейт-Каромго жеткенче талкалап жүрүп отурушту.

    7:12 Анан Шемуел бир таш алып, Миспа жана Шейин шаарларынын ортосуна коюп: «Теңир бизге ушул жерге чейин жардам берди», – деп, аны эбен-Айзер деп атады.

    7:13 Пелиштиликтер ушинтип багынып беришти. Алар ошондон кийин ысрайылдыктардын жерине келбей калышты. Шемуелдин көзү өткөнчө, Теңирдин колу пелиштиликтерге каршы турду.

    7:14 Ысрайылдын пелиштиликтер басып алган экрондон Гатка чейинки шаарлары Ысрайылга кайра кайтарылып берилди. Ысрайыл ошол жерлерди пелиштиликтердин колунан бошотту. Ошентип, Ысрайыл менен аморлуктардын ортосунда тынчтык орноду.

    7:15 Шемуел көзү өткөнчө, Ысрайылда башкаруучу болду.

    7:16 Жыл сайын Бейтелге, Гилгалга, Миспага барып, аларды кыдырып турду. Ал Ысрайылдын ушул жерлеринин баарын башкарып турду.

    7:17 Андан кийин Рамага кайтты, анткени анын үйү ошол жерде эле. Ошол жерде ал Ысрайылды башкарып турду. Ошол жерде ал Теңирге курмандык чалынуучу жай курду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск