Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Фессалоникийцам 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Кудайга жаккан жашоо

    4:1 Бир туугандар, Кудайга жагуу үчүн кандай жашаш керек экендигин бизден эйрөндүңөр. Мындан ары да бул нерседе ийгиликке жетишиңерди Теңирибиз Ыйсанын атынан өтүнүп суранабыз.

    4:2 Силерге Теңирибиз Ыйсанын атынан кандай осуяттарды бергенибизди билесиңер.

    4:3 Кудайдын каалоосу – силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула;

    4:4 ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин,

    4:5 Кудайды тааныбаган бутпарастарга окшоп дене кумарына батпасын;

    4:6 чектен чыгып, өз бир тууганын пайдаланып, бул нерседе өз кызыкчылыгын көздөбөсүн, анткени Теңир мунун баары үчүн өч алат. Биз мурун силерге бул жөнүндө айтканбыз, эскерткенбиз.

    4:7 Анткени Кудай бизди ыпыластыкка эмес, ыйыктыкка чакырган.

    4:8 Баш ийбеген киши адамга эмес, бизге өзүнүн Ыйык Рухун берген Кудайга баш ийбеген болот.

    4:9 Силерге бир туугандык сүйүү жөнүндө жазуунун кереги жок, анткени силер Кудайдан бири-бириңерди сүйүүнү эйрөндүңөр.

    4:10 Анткени силер бүтүндөй Македония жериндеги бардык бир туугандарга ушундай мамиле кылып жатасыңар. Бирок, бир туугандар, силерден суранарыбыз: бул нерседе мындан ары да ийгиликке жеткиле,

    4:11 силерге буйруганыбыздай, тынч жашаганга аракет кылгыла, өз ишиңерди кылгыла, өз колуңар менен иштегиле,

    4:12 сырттагылардын алдында туура жашашыңар үчүн, үч нерсеге муктаж болбошуңар үчүн ушундай кылгыла.

    өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө

    4:13 Бир туугандар, эмүтсүз адамдарга окшоп кайгырбашыңар үчүн, өлгөндөр тууралуу билүэңөрдү каалайм.

    4:14 Ыйсанын өлүп кайра тирилгенине ишенгенибиздей эле, Кудайдын Ыйсага ишенип жүрүп көз жумгандарды да Аны менен бирге алып келерине ишенебиз.

    4:15 Теңирдин сөзүнүн негизинде силерге айтарыбыз бул: Теңир келгенге чейин өлбөй тирүү жүргөн биз өлгөндөрдөн озуп кетпейбиз.

    4:16 Анткени буйрук берилгенде, башкы периштенин жана Кудайдын сурнайынын үнү чыкканда, Теңир өзү асмандан түшүп келет. Адегенде Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар тирилишет.

    4:17 Андан кийин тирүү жүргөн биз алар менен бирге Теңир менен абада жолугушуу үчүн, булут үстүндө асманга көтөрүлөбүз. Ошентип, түбөлүккө Теңир менен болобуз.

    4:18 Ошондуктан бири-бириңерди ушул сөздөр менен соороткула.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск