Ысрайылдын эки падышачылыкка бөлүнүшү
10:1 Рехабам Шекемге жөнөдү, анткени бүт ысрайылдыктар аны падыша кылыш үчүн, Шекемге келишкен эле.
10:2 Небаттын уулу Жаробам бул тууралуу угары менен Мисирден кайтып келди, анткени ал Сулаймандан качып, Мисирде жашап турган.
10:3 Ага киши жиберип чакыртышты. Жаробам менен бүткүл Ысрайыл келип, Рехабамга мындай дешти:
10:4 «Сенин атаң бизге оор моюнтурук салган, сен эми атаңдын бизге салган оор моюнтуругун жана оор жумушун жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».
10:5 Рехабам аларга: «Yч күндөн кийин мага кайра келгиле», – деди. эл тарап кетти.
10:6 Рехабам падыша атасы Сулайман тирүү кезинде анын алдында турган аксакалдар менен кеңешип, алардан: «Кандай кеңеш бересиңер, бул элге эмне деп жооп берейин?» – деп сурады.
10:7 Алар: «үгерде сен бул элге жакшы мамиле кылсаң, алардын көңүлүн алсаң, алар менен жакшы сүйлөшсөң, анда алар сага өмүр бою кул болушат», – дешти.
10:8 Бирок ал аксакалдар айткан акылды укпай, өзүнүн алдында турган, өзү менен бирге өскөн жаш мырзалар менен кеңешти.
10:9 Аларга: «Кандай кеңеш бересиңер, “Атаң башыбызга салган оор моюнтурукту жеңилдет”, – деп жаткан элге эмне деп жооп берейин?» – деди.
10:10 Аны менен бирге өскөн жаш мырзалар ага мындай дешти: «“Атаң бизди эзген, сен ал моюнтурукту жеңилдет”, – деген элге сен: “Атамдын белинен менин чыпалагым жоонураак,
10:11 атам силерге оор моюнтурук салса, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен сабаса, мен силерди тикенектүү камчы менен жазалайм”, – дегин».
10:12 Жаробам менен бүт эл Рехабамга үчүнчү күнү келишти, анткени ал: «Yч күндөн кийин кайра келгиле», – деп айткан эле.
10:13 Ошондо падыша аларга катаал жооп берди. Рехабам падыша аксакалдардын акылын укпай, жаш мырзалардын кеңеши боюнча мындай деди:
10:14 «Атам силерге оор моюнтурук салган, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен жазаласа, мен силерди тикенектүү камчы менен жазалайм».
10:15 Ошентип, падыша элдин өтүнүчүн укпай койду, анткени бул Теңирдин шилолук Акия аркылуу Небаттын уулу Жаробамга айткан сөзү ордунан чыгышы үчүн, Кудайдан болгон эле.
10:16 Падыша алардын сөзүн укпай койгонун көргөн ысрайылдыктардын баары ага: «Дөөттө биздин кандай элүшүбүз бар? Жышайдын уулунда элүшүбүз жок. өз үйүңөргө тарагыла, Ысрайыл! эми өз урууңду бил, Дөөт», – дешти. Ысрайылдыктар үйлөрүнө тарап кетишти.
10:17 Рехабам Жүйүт шаарларында турган Ысрайыл уулдарына гана падыша болуп калды.
10:18 Рехабам Адонурам башчыны салык чогултканы жибергенде, Ысрайыл эли аны таш бараңга алып өлтүрдү. Рехабам падыша арабасына отуруп, Иерусалимге качып жөнөдү.
10:19 Ысрайыл ошондон бүгүнкүгө чейин Дөөт тукумуна каршы.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК