Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Ахап менен Михей пайгамбар

    18:1 Жошапат көп байлыкка, атак-даңкка эү болду. Анан ал Ахап менен туугандашты.

    18:2 Ал бир нече жылдан кийин Самариядагы Ахапка барды. Ахап ага жана аны менен келген адамдарга көп бодо мал менен майда мал союп, аны Гилаттын Рамотуна кол салууга көндүрдү.

    18:3 Ысрайыл падышасы Ахап Жүйүт падышасы Жошапатка: «Мени менен Гилаттын Рамотуна барасыңбы?» – деди. Ал ага: «Сен кандай болсоң, мен да ошондоймун. Сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой. Сени менен согушка барам!» – деди.

    18:4 Жошапат Ысрайыл падышасына: «Бүгүн Теңирден сура, Ал эмне дүүр экен?» – деди.

    18:5 Ысрайыл падышасы пайгамбарлардан төрт жүз адамды чогултуп, аларга: «Гилаттын Рамоту менен согушууга барсак болобу же болбойбу?» – деди. Алар: «Баргыла, Кудай аны падышанын колуна салып берет» – деп айтышты.

    18:6 Жошапат: «Бул жерде дагы Теңирдин пайгамбары барбы? Ошондон сурап көрөлүчү», – деди.

    18:7 Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Дагы бир киши бар, ал аркылуу Теңирден сурасак болот, бирок мен аны жактырбайм, анткени ал мен тууралуу жакшы пайгамбарчылык кылбайт, дайыма жаман пайгамбарчылык кылат. Ал – Жимланын уулу Михей», – деди. Жошапат: «Андай дебе, падыша», – деди.

    18:8 Ысрайыл падышасы бир эбнухту чакырып: «Тезирүүк барып, Жимланын уулу Михейди алып кел», – деди.

    18:9 Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат, ар бири өз тагында падыша кийимдерин кийип отурушту. Алар Самария дарбазасынын алдындагы аянтта отурушту, бардык пайгамбарлар алардын алдында пайгамбарчылык кылып жатышты.

    18:10 Кенаананын уулу Ситкия маңдайына темир мүйүздөрдү кармап туруп, мындай деди: «“Сен булар менен сириялыктарды өлтүрө сүзөсүң”, – деп жатат Теңир».

    18:11 Пайгамбарлардын бардыгы пайгамбарчылык кылып: «Гилаттын Рамотуна бар, жеңишке жетесиң, Теңир аларды падышанын колуна салып берет», – дешти.

    18:12 Михейди чакырып келгени кеткен киши ага келип: «Пайгамбарлардын бардыгы бир ооздон падышанын жолу болот деп жатышат, сенин сөзүң да булардын айтканындай болсун, сен да жакшы сөз айт», – деди.

    18:13 Михей: «Теңир тирүү, Кудай эмне десе, мен ошону айтам», – деди.

    18:14 Анан ал падышага келди, падыша ага: «Михей, биз Гилаттын Рамоту менен согушууга барсак болобу же болбойбу?» – деди. Тиги: «Баргыла, жеңишке жетесиңер, алар колуңарга салынып берилет», – деди.

    18:15 Падыша ага: «Мага Теңирдин атынан чындыкты гана айтышың үчүн, канча жолу ант бердирейин?» – деди.

    18:16 Михей мындай деди: «Бүт Ысрайыл уулдарынын кайтаруучусу жок жайылган койлордой тоо-тоого чачырап кеткенин көрдүм. Ошондо Теңир: “Булардын башчысы жок, ар кимиси өз үйүнө тынчтык менен кайтсын”, – деди».

    18:17 Ошондо Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен сага айтпадым беле, бул мен жөнүндө жакшы пайгамбарчылык кылбайт, жалаң гана жаман пайгамбарчылык кылат», – деди.

    18:18 Михей: «Теңирдин сөзүн уккула: Мен өз тагында отурган Теңирдин өзүн көрдүм, бардык асман кошуундары Анын оң кол тарабында да, сол кол тарабында да турушуптур.

    18:19 Теңир: “Гилаттын Рамоту менен согушууга барып өлүшү үчүн, Ысрайыл падышасы Ахапты ким азгырат?” – деди. Бири мындай, бири тигиндей деп айтышты.

    18:20 Теңирдин алдына бир рух келип: “Аны мен азгырам”, – деди. Теңир андан: “үмне менен?” – деп сурады.

    18:21 Ал: “Мен чыгам да, анын пайгамбарларынын оозунда жалган рух болом”, – деди. Теңир: “Сен аны азгыра аласың, муну кыла аласың, бар, так ошондой кыл”, – деди.

    18:22 Мына эми Теңир сенин пайгамбарларыңдын оозуна жалган рухтун кирүүсүнө жол берди, Теңир сен жөнүндө жакшы нерсе айткан жок», – деди.

    18:23 Кенаананын уулу Ситкия келип, Михейди жаакка чаап: «Теңирдин Руху сен аркылуу сүйлөгүдөй, менден Ал кайсы жол менен кетип калды?» – деди.

    18:24 Ошондо Михей: «Мына, сен муну жашыныш үчүн бөлмөдөн бөлмөгө чуркап жүргөн күнү көрөсүң», – деди.

    18:25 Ысрайыл падышасы мындай деди: «Михейди алгыла да, шаар башчысы Амон менен падышанын уулу Жаашка алып барып,

    18:26 аларга: “Муну зынданга салгыла, мен аман-үсен кайтып келгенче, бир аз нан менен суу берип багып тургула”, – деп падыша айтты дегиле».

    18:27 Ошондо Михей: «үгерде сен аман-үсен келсең, анда Теңир мен аркылуу сүйлөгөн жок», – деди. Анан: «Муну баарыңар уккула, калайык!» – деди.

    Ахаптын өлүшү

    18:28 Ысрайыл падышасы Ахап менен Жүйүт падышасы Жошапат Гилаттын Рамоту менен согушууга жөнөштү.

    18:29 Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен башка кийим кийип, салгылашка кирем, сен болсо өзүңдүн падыша кийимиңди кий», – деди. Ысрайыл падышасы башка кийим кийип, салгылашка кирди.

    18:30 Сирия падышасы өзүнүн майдан арабаларынын башчыларына: «Чоңу менен да, кичинеси менен да салгылашпагыла, Ысрайыл падышасы менен гана салгылашкыла», – деди.

    18:31 Майдан арабалардын башчылары Жошапатты көрүп: «Ысрайыл падышасы ушул», – деп ойлоп, аны менен салгылашуу үчүн курчоого алышты. Бирок Жошапат кыйкырып жиберди, Теңир ага жардамга келди, Кудай аларды андан буруп кетти.

    18:32 Майдан арабаларынын башчылары анын Ысрайыл падышасы эмес экенин көрүп, андан бурулуп кетишти.

    18:33 Ошол арада бир кишинин тартып жиберген жебеси капысынан Ысрайыл падышасына тийди. Жебе падыша кийип жүргөн сооттун бириккен жеринен өтүп кетип аны жарадар кылды. Падыша арабакечине: «Артка тарт, мени аскерлердин арасынан алып кет, анткени мен жарадар болуп калдым», – деп айтты.

    18:34 Бирок ал күнкү салгылаш күч алып кетти. Ысрайыл падышасы кечке чейин майдан арабасында сириялыктардын каршысында туруп, күн батып бара жатканда өлдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск