Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Бешинчи куугунтук

    12:1 Ошол убакта падыша Ирод Ыйсага ишенгендерди куугунтуктай баштады. Алардын күү бирөөлөрүн карматып,

    12:2 Жакандын бир тууганы Жакыпты кылыч менен өлтүрттү.

    12:3 Бул жүйүттөргө жагарын көрүп, Петирди да карматты. Бул Ачыткысыз нан майрамы күндөрү болду.

    12:4 Ал Петирди карматып, түрмөгө каматты да, төрт аскерден турган төрт топко аны кайтарууну буйруду. Анткени аны Пасах майрамынан кийин элдин алдына чыгармакчы болду.

    Кудайдын периштесинин Петирди камактан чыгаруусу

    12:5 Ошентип, Петир камакта жатты. Ал эми Жыйын бул учурда Кудайга эзгүлтүксүз сыйынып турду.

    12:6 Ирод аны элдин алдына чыгармакчы болгон күндүн мурунку түнүндө Петир эки чынжыр менен кишенделип, эки аскердин ортосунда уктап жатты. эшиктин алдында болсо күзөтчүлөр кайтарып турушту.

    12:7 Бир маалда Теңирдин периштеси пайда болуп, түрмөнүн ичи жаркырап кетти. Периште Петирди капталга түртүп ойготуп: «Тезирүүк тургун», – деди. Ошондо анын колдорунан чынжырлар түшүп калды.

    12:8 Периште ага: «Куруңду курчанып, бут кийимиңди кийгин», – деди. Ал анын айтканын кылды. Андан кийин периште ага: «Кийимиңди кийип, мени эүрчигин», – деди.

    12:9 Петир аны эүрчип, сыртка чыкты. Бирок ал периште кылып жаткан иштин чыны менен эле болуп жатканын түшүнгөн жок. Анткени ал көрүнүш көрүп жатам деп ойлоду.

    12:10 Биринчи, экинчи күзөттөрдөн өтүп, экөө шаарга чыгуучу темир дарбазага келди. Дарбаза аларга өзүнөн өзү ачылды. Алар сыртка чыгып, бир көчөдөн өтүштү. Күтүлбөгөн жерден периште жок болуп кетти.

    12:11 Ошондо Петир өзүнө келип: «Теңир өз периштесин жиберип, мени Ироддун колунан жана жүйүт эли күтүп жаткан нерсенин бардыгынан куткарганын мен эми чындап түшүндүм», – деди.

    12:12 Болуп өткөн окуяны түшүнгөндөн кийин, ал Марк деген да ысымы бар Жакандын энеси Мариямдын үйүнө келди. Ал жерде бир топ киши чогулуп, сыйынып жатышкан эле.

    12:13 Петир дарбазаны тыкылдата баштаганда, ким экенин билиш үчүн, Рода деген кызматчы кыз эшиктин алдына келди.

    12:14 Ал Петирдин үнүн таанып, эшикти ачпастан эле, сүйүнгөн бойдон эйгө чуркап кирип: «үшиктин алдында Петир турат!» – деп кабарлады.

    12:15 Єйдөгүлөр болсо ага: «Сен акылыңдан адашып жаткан жоксуңбу?» – дешти. Бирок кыз өзүнүн айтканын ырастай берди. Ошондо алар: «Бул – анын периштеси», – дешти.

    12:16 Петир болсо эшикти тыкылдата берди. Алар эшикти ачып, аны көрүшкөндө, абдан таң калышты.

    12:17 Ал болсо аларга колу менен «унчукпагыла» деген белги берип, Теңирдин түрмөдөн кантип чыгаргандыгын айтып берди. Анан аларга: «Бул жөнүндө Жакыпка жана башка бир туугандарга билдиргиле», – деди да, эйдөн чыгып, башка жакка жөнөдү.

    12:18 Таң атканда: «Петир эмне болду?» – деп, аскерлер чоң дүрбөлөңгө түшүштү.

    12:19 Ирод болсо аны издетип, таптыра албай койгондон кийин, күзөтчүлөрдү суракка алып, аларды өлүм жазасына тартууга буйрук берди. Андан кийин ал Жүйүт аймагынан чыгып, Кейсареяга барып, ошол жерде калып калды.

    Ироддун өлүмү

    12:20 Ал тирликтер менен сидондуктарга кыжырданып калган эле. Алар болсо өз ара макулдашып алып, ага келишти да, анын сарай кызматчысы Биластты ортого салып, тынчтык сурашты, анткени алардын дубаны падышанын дубанынан азык-түлүк алып турчу.

    12:21 Белгиленген күнү Ирод өзүнүн падыша кийимин кийип, тактыга отурду да, элге кайрылып сөз сүйлөдү.

    12:22 үл болсо: «Адам эмес, Кудай сүйлөп жатат!» – деп кыйкырып жатты.

    12:23 Кудайга тиешелүү даңкты өзүнө ыйгарып алгандыгы үчүн, күтүлбөгөн жерден Теңирдин периштеси аны жазалады: ал куртка жем болуп өлдү.

    12:24 Кудайдын сөзү элге кеңири тарап жатты.

    12:25 Барнаба менен Шабыл тапшырылган ишти аткарышкандан кийин, Марк деген да ысымы бар Жаканды эүрчитип, Иерусалимден Антийохеяга кайтып келишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск