Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Даниил 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Даниелдин арстандарга ыргытылышы

    6:1 Падышачылыкты башкарууга Дарий жүз жыйырма дубан башчы коюуну туура тапты.

    6:2 Ал эми алардын үстүнөн үч төрөнү койду, алардын бири Даниел эле. Дубан башчылар аларга эсеп берип турушмак. Ошондо падышага үч кандай оордук түшмөк эмес.

    6:3 Даниел башка төрөлөрдөн, дубан башчылардан жогору эле, анткени анда өзгөчө рух бар эле. Падыша аны бүт падышачылыктын үстүнөн коюуну ойлоду.

    6:4 Ошондо төрөлөр менен дубан башчылар падышачылыкты башкаруу иштери боюнча Даниелди айыпташ үчүн, шылтоо издей башташты. Бирок үч кандай шылтоо да, жаңылыштык да таба алышкан жок, анткени ал ишенимдүү болчу, анда кемчилик да, айып да жок эле.

    6:5 Анан бул адамдар: «үгерде биз Даниелге каршы шылтоону анын өз Кудайынын мыйзамынан таппасак, ага каршы үч кандай шылтоо таба албайбыз», – дешти.

    6:6 Ошондо төрөлөр менен дубан башчылар падышага келип, мындай дешти: «Дарий падыша! Түбөлүк жаша!

    6:7 Ким отуз күндүн ичинде кайсы бир кудайга же сенден башка кишиге кайрылса, падыша, анда ал арстандар жаткан орго ташталсын деп, падыша ушундай мыйзам жана буйрук чыгарсын деп, падышачылыктын бардык төрөлөрү, жергиликтүү төрөлөрү, дубан башчылары, кеңеш берүүчүлөрү, аскер башчылары өз ара макулдашышты.

    6:8 Ошондуктан, падыша, бул мыйзам менен буйрукту бекемдеп, кол кой. Ал Мадай менен Персиянын мыйзамындай өзгөрүлгүс болсун, бузулбасын».

    6:9 Дарий падыша бул мыйзам менен буйрукка кол койду.

    6:10 Даниел болсо ушундай мыйзамга кол коюлганын билип, өз үйүнө кетти. Анын бөлмөсүнүн терезелери Иерусалимди карап турчу. Ал адаттагысындай эле күн сайын үч маал тизе бүгүп, Кудайына сыйынып, Аны даңазалай берди.

    6:11 Ошол учурда тиги кишилер аңдып, Даниелдин өз Кудайына сыйынып, Андан ырайым сурап жатканын көрүштү.

    6:12 Ошондо алар падышага келип, ага өзүнүн буйругу жөнүндө айтышты: «“Ким отуз күндүн ичинде кайсы бир кудайга жана падышадан башка кишиге кайрылса, падыша, ал арстандар жаткан орго ташталсын” деген мыйзамга кол койбодуң беле?» Падыша: «Бул сөз мадайлыктар менен персиялыктардын мыйзамындай өзгөрүлгүс», – деп жооп берди.

    6:13 Ошондо алар падышага: «Падыша, туткунда жүргөн Жүйүт уулдарынын бири Даниел сага да, сен кол койгон мыйзамга да көңүл бурбай, күнүнө үч маал өзүнүн Кудайына сыйынып жатат», – дешти.

    6:14 Падыша муну укканда, аябай кайгырып, жүрөгүндө Даниелди сактап калууну чечти, ал турсун, аны күн батканга чейин куткарып калууга катуу аракет кылды.

    6:15 Бирок тиги кишилер падышага келип: «Падыша, мадайлыктар менен персиялыктардын мыйзамы боюнча падыша бекиткен бир да мыйзам жана бир да буйрук өзгөртүлүшү мүмкүн эмес экенин эсиңден чыгарба», – дешти.

    6:16 Ошондо падыша буйрук кылды. Даниелди алып келип, арстандар жаткан орго ташташты. Падыша Даниелге: «Сен дайыма кызмат кылган Кудай өзү сени куткарат!» – деди.

    6:17 Анан таш алып келип, ордун оозуна коюшту, Даниел жөнүндө чыккан буйрук өзгөрүлбөс үчүн, падыша ташка өзүнүн мөөрүн жана төрөлөрүнүн мөөрүн басты.

    6:18 Андан кийин падыша өзүнүн падыша сарайына барып, кечки тамакты ичпестен, уктаганы жатты, атүгүл, өзүнө тамак алып келүүнү да буйрук кылган жок, анын уйкусу качты.

    6:19 үртеси падыша таң заардан туруп, арстандар жаткан орго шашыла жөнөдү.

    6:20 Ал орго жакын келип, аянычтуу эн менен Даниелди чакырып: «Даниел, тирүү Кудайдын кулу! Сен дайыма кызмат кылган Кудайың сени арстандардан куткара алдыбы?» – деди.

    6:21 Ошондо Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Падыша! Түбөлүк жаша!

    6:22 Менин Кудайым өзүнүн периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду, ошондуктан алар мага үч кандай зыян келтиришкен жок, анткени мен Анын алдында таза болуп чыктым. Сенин алдыңда да, падыша, кылмыш кылган эмесмин».

    6:23 Ошондо падыша аябай кубанып, Даниелди ордон чыгарууну буйруду. Даниел ордон чыгарылды, анын денесинен үч кандай жаракат табышкан жок, анткени ал өз Кудайына ишенген эле.

    6:24 Анан падыша буйрук кылды, Даниелди айыптаган адамдарды алып келишип, арстандар жаткан орго алардын өздөрүн да, балдарын да, аялдарын да ташташты. Алар ордун түбүнө түшүп-түшө электе эле, арстандар чапчып алып, сөөктөрү менен кошо чайнап салышты.

    6:25 Ошондон кийин Дарий падыша бүт жер жүзүндө жашаган бардык элдерге, урууларга жана улуттарга мындай деп жазды: «Силердин тынчтыгыңар арта берсин!

    6:26 Мен мындай буйрук кылам: Менин падышачылыгымдын бардык аймагында жашагандардын баары Даниелдин Кудайынын алдында титиреп турушсун, Андан коркуп турушсун. Анткени Ал – тирүү жана түбөлүк бар болуп туруучу Кудай, Анын падышачылыгы кыйрагыс, Анын бийлиги чексиз.

    6:27 Ал куткарат жана сактайт, асманда да, жерде да кереметтерди жана жышаандарды көрсөтөт. Ал Даниелди арстандардын азуусунан куткарды».

    6:28 Ошентип, Даниел Дарийдин падышачылыгынын убагында да, персиялык Корештин падышачылыгынын убагында да ийгиликтерге жетти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск