Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Ыйык кызмат кылуучулардын элүшү жөнүндө

    18:1 Ыйык кызмат кылуучу лебилерге, Лебинин бардык укум-тукумуна Ысрайыл менен бирге элүш бөлүнгөн эмес. Алар Теңирге арналган курмандыктардан жана Анын элүшүнөн азыктанышсын.

    18:2 Бир туугандарынын арасынан аларга элүш тийбейт. Теңир өзү айткандай, алардын элүшү – Теңирдин өзү.

    18:3 үлдин курмандыкка алып келген өгүздөрү менен койлорунун этинен ыйык кызмат кылуучуларга мына булар тиешелүү: далы, жаак, карын.

    18:4 Ошондой эле эгинден, жүзүмдөн, зайтун майынан алган биринчи түшүмүңдү жана койлоруңдун алгачкы кырккан жүнүн ыйык кызмат кылуучуга алып кел.

    18:5 Анткени Кудай-Теңириң бардык урууларыңдын ичинен аны жана анын уулдарын Кудай-Теңирдин алдында өмүрү өткөнчө кызмат кылышы үчүн тандап алган.

    18:6 үгерде бир леби Ысрайылдагы шаарларыңдын биринен, өзү жашаган жерден Теңир тандап алган жерге өз каалоосу менен келип,

    18:7 ал жерде, Теңирдин алдында кызмат кылып жаткан леби бир туугандарына окшоп, Кудай-Теңирине кызмат кылса,

    18:8 анда атасынан калган мал-мүлктү сатканда түшкөн акчасы бар болгонуна карабастан, алар сыяктуу эле өз тиешесин алсын.

    Жалган кудайларга табынууга тыюу салуу

    18:9 Кудай-Теңириң берип жаткан жерге барганда, ошол жердеги элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылба.

    18:10 Сенин элиңде уулун же кызын отко салгандар, көзү ачыктар, төлгөчүлөр, көз боочулар, бүбү-бакшылар,

    18:11 үмчи-домчулар, өлгөндөрдүн рухун чакыруучулар, сыйкырчылар, өлгөндөрдүн руху менен сүйлөшкөндөр болбосун.

    18:12 Анткени муну кылгандар Теңирдин алдында жийиркеничтүү. Ошондуктан бул жийиркеничтүү иштер үчүн Кудай-Теңириң аларды сенин алдыңдан кууп чыгып жатат.

    18:13 Кудай-Теңириңдин алдында кемчиликсиз бол.

    18:14 Анткени сен кууп чыгып жаткан бул элдер көзү ачыктардын, сыйкырчылардын сөзүн угушат. Сага болсо Кудай-Теңириң алардын кылганын кылууга уруксат берген эмес.

    Машайак жөнүндөгү пайгамбарчылык

    18:15 Кудай-Теңириң сенин элиңден, сенин бир туугандарыңдын ичинен мендей пайгамбар чыгарат. Ошону уккула.

    18:16 Силер Хорепке чогулуп келген күнү: “өлүп калбашыбыз үчүн Кудай-Теңирибиздин үнүн мындан ары укпайлы, Анын бул улуу отун мындан ары көрбөйлү”, – деп, Кудай-Теңириңерден өтүнгөндүктөн,

    18:17 Теңир мага мындай деди: “Алардын айткан сөзү жакшы.

    18:18 Мен алардын бир туугандарынын ичинен сендей пайгамбар чыгарам. Анын оозуна өзүмдүн сөздөрүмдү салам, ошондо ал Мен буйрук кылгандардын баарын аларга айтып берет.

    18:19 Менин атымдан сүйлөгөн ошол пайгамбар айткан Менин сөздөрүмдү укпаган адамды Мен жазалайм.

    Пайгамбарларды айырмалай билүү

    18:20 Мен буйрук кылбаганды Менин атымдан сүйлөөгө батынган, башка кудайлардын атынан сүйлөгөн пайгамбарды өлүм жазасына тарткыла”.

    18:21 үгерде ичиңден: “Ал сөздөрдү Теңир айтпаганын кантип билебиз?” – десең, анда мындан бил:

    18:22 үгерде бир пайгамбар Кудайдын атынан сүйлөсө, бирок ал сөз ордунан чыкпаса, аткарылбаса, анда ал сөздү Теңир айткан эмес, аны пайгамбар текебердигинен улам айткан. Анда андан коркпо.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск