Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 32

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    32-БөЛЄМ

    Мусанын ыры

    32:1 «Кулак сал, асман, мен сүйлөйм. Кулак сал, жер, менин сөзүмө.

    32:2 Жамгыр болуп куюлат эйрөткөнүм, шүүдүрүмдөй тунук менин сөздөрүм, өсүмдүккө жааган майда тамчыдай, күүде чөпкө жаба жааган нөшөрдөй.

    32:3 Теңирдин ысымын мактаймын, даңктагыла биздин Кудайды.

    32:4 Ал – таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору – чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал – акыйкат, Ал – чындык.

    32:5 Бирок алар Теңирдин алдында бузулушту, алар – кежир, бузулган тукум, ошондуктан Анын балдары эмес.

    32:6 О акылсыз, түшүнүгү жок эл, Теңирге кыларыңар ушубу? Сени тапкан, сени жараткан, сени жайгаштырган Атаң Ошол эмеспи?

    32:7 Байыркы күндөрдү үстегин, өтүп кеткен уруулар жөнүндө ойлон. Атаңдан сура, ал сага айтып берет; карыяларыңдан сура, алар сага айтып беришет.

    32:8 Бардыгынан Жогору Турган элдерди бөлүп, аларга жер бөлүп жатканда, Ысрайыл уулдарынын санына жараша чек араларды койгон.

    32:9 Анткени Теңирдин элүшү – өз эли. Жакып – Анын мурастай турган энчиси.

    32:10 Ал аны эүн талаа, эрме чөлдөн таап алган. Аны коргоп, багып, көзүнүн карегиндей сактаган.

    32:11 Уясын коруп, балапандарынын үстүнөн айланып учкан, канатын жайып тосуп алып, канатынын үстүндө көтөрүп жүргөн бүркүттөй болуп,

    32:12 Теңир аны жалгыз өзү алып жүрдү, Анын жанында башка кудай болгон эмес.

    32:13 Теңир аны бийик жерге алып чыгып, жердин жемиши менен багып, таштын арасынан бал чыгарып, аска-зоо арасынан май сыдырып,

    32:14 уйдун майы менен, койдун сүтү менен, козулардын майлары менен, Башандын койлору, текелери менен, дандуу буудайлар менен бакты, жүзүм ширесинен ичирди.

    32:15 Ошондо Ысрайыл эли семирип, кежир тартты. Толуп, жооноюп, көкүрөгүн май басты. өзүн жараткан Кудайды таштады, өзүнүн куткарар таянычын жек көрө баштады.

    32:16 Алар Аны башка кудайлары менен, жийиркеничтүү иштери менен каардантышты.

    32:17 Кудайга эмес, жиндерге, өздөрү билбеген, ата-бабаларынын да оюна келбеген кошуна элдердин кудайларына, жаңы кудайларга курмандыктарды чалышты.

    32:18 Сен өзүңдү жараткан Коргоочуңду, өзүңдү жараткан Теңирди унуттуң.

    32:19 Теңир муну көрүп каарданып, өз балдары менен кыздарынан баш тартып, мындай деди:

    32:20 “Мен булардан жүзүмдү жашырам, ошондо булардын арты кандай болорун көрөм, анткени булар – бузулуп бүткөн тукум, ишенимсиз балдар.

    32:21 Алар Мени үч нерсеге жарабаган жалган кудайлары менен каардантышты. Мен да буларды эл катары эсептелбеген акылсыз адамдар менен капа кылам.

    32:22 Анткени Менин каарымдан от чыгып, өлгөндөр жаткан жайдын түбүнө чейин күйгүзүп жатат, жерди үстүндөгү өсүмдүктөрү менен кошо жалмап, тоонун түбүн өрттөп жатат.

    32:23 Аларга мүшкүл түшүрөм, бүт жебелеримди коё берем.

    32:24 Ачкачылыктан арыктап, жугуштуу оорудан кырылып өлүшөт. Жырткыч айбандар менен уулуу жыландарды жиберем.

    32:25 Алардын сырттагылары кылычтан, үйүндөгү уландары, кыздары, эмчектеги балдары, ак чач баскан карылары коркунучтан өлүшөт.

    32:26 Мен: «Аларды чачыратып, алардын атын адамдар арасынан өчүрөм», – деп айткам.

    32:27 Бирок душман аларды: «Мунун баарын Теңир эмес, биздин күчтүү колубуз кылды», – деп табалап, басынтпашы үчүн, Мен айтканымды кылган жокмун.

    32:28 Анткени алар – акылын жоготкон эл, аларда түшүнүк жок.

    32:29 Оо, алар бул тууралуу ойлонуп, эмне болорун баамдаса кана!

    32:30 үгерде Коргоочусу салып бербесе, Теңири салып бербесе, анда бир киши миң кишини, эки киши түмөндү кантип кууп чыкмак эле!

    32:31 Анткени алардын коргоочусу биздин Коргоочубуздай эмес. Буга душмандардын өздөрү калыс.

    32:32 Анткени алардын жүзүмү Содом менен Амордун жүзүмүнөн. Алардын мөмөсү – уу, сабагы ачуу.

    32:33 Шарабы – ажыдаардын уусу, уулуу жыландын мүрт өлтүрүүчү уусу.

    32:34 Бул Менде катылып турат, Менин кампамда бекитилип турат.

    32:35 Алар жыгылганда, Мен аларды жазалап, алардан өчүмдү алам, анткени алардын өлөр күнү жакын калды, аларга дайындалган жаза жакын калды”.

    32:36 Бирок алардын күчү кетип, туткундагылары да, сырттагылары да калбай калганда, Теңир өз элине өзү өкүм чыгарып, өз кулдарына өзү ырайым кылат.

    32:37 Ошондо Теңир мындай деп айтат: “Алардын таянган тиреги, эмүт кылган кудайлары кайда?

    32:38 Алардын курмандыктарынын майын жеп, куюлуучу курмандыктарын ичкен кудайлары кайда? Кана, алар козголуп, орундарынан туруп, силерге жардам беришсинчи, силерге калканыч болушсунчу!

    32:39 өзүңөр көрүп турасыңар, бул – Мен, Кудаймын, Менден башка Кудай жок. өлтүргөн да, тирилткен да Менмин, ооруткан да, айыктырган да Менмин. Менин колумдан үч ким куткарып ала албайт.

    32:40 Мен колумду асманга көтөрүп, мындай дейм: «Мен түбөлүк тирүүмүн!»

    32:41 Мен жаркылдаган кылычымды кайрап, өкүм чыгарам, душмандарымдан өч алам, Мени жек көргөндөрдү жазага тартам.

    32:42 Жебелерим канга тоёт, кылычым денелерге, өлтүрүлгөндөр менен туткундардын канына, душмандын аскер башчыларынын башына тоёт”.

    32:43 үлдер, Анын элин даңктагыла, анткени Ал кулдарынын каны үчүн өч алат, душмандарын жазалап, өз жерин, өз элин тазалайт!»

    32:44 Муса Нундун уулу Жашыя менен элдин алдында туруп, ушул ырды элге угуза ырдап берди.

    Мусанын элге кайрылышы

    32:45 Муса бүткүл Ысрайыл элине ушул сөздөрдүн баарын айтып бүткөндөн кийин, мындай деди:

    32:46 «Мен бүгүн силерге айткан сөздөрдүн баарын көңүлүңөргө түйүп, балдарыңарга айткыла. Бул мыйзамдын баарын аткарууга аракеттениши үчүн, балдарыңарга эйрөткүлө.

    32:47 Анткени бул силерге айтылган курулай сөз эмес, бул силердин өмүрүңөр. Силер эүлеп алыш үчүн Иордандан өтүп барган жерде бул аркылуу узак өмүр сүрөсүңөр».

    32:48 Ошол эле күнү Теңир Мусага мындай деди:

    32:49 «Жерихонун каршысындагы Маап жериндеги бул Абарым тоолорунан Ныбо тоосуна чыгып, Мен Ысрайыл уулдарынын энчисине берген Канаан жерин карап көр.

    32:50 Бир тууганың Арун Ор тоосунда көз жумуп, өз элине кошулгандай эле, сен да өзүң чыккан тоодо көз жумуп, өз элиңе кошуласың.

    32:51 Анткени Син чөлүндө, Кадештеги Мериба суусунун боюнда, Ысрайыл уулдарынын алдында Мага каршы күнөө кылгансыңар, Ысрайыл уулдарынын алдында Менин ыйыктыгымды көрсөткөн эмессиңер.

    32:52 Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди сен алыстан көрөсүң, бирок ал жерге кирбейсиң».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск