Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Есфирь 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Жүйүттөрдүн орозо кармап сыйынышы

    4:1 Мордохай болгон иштин бардыгын билгенде, кийимдерин айрып, зумбал кийип, башына күл сүүп, шаардын ортосуна чыгып, боздоп ыйлап,

    4:2 падыша дарбазасынын алдына келди, анткени зумбалчан кишини падышанын дарбазасы аркылуу өткөрүшчү эмес.

    4:3 Ошондой эле бардык дубандарда, падышанын буйругу менен токтому жеткен жердин бардыгында жүйүттөр орозо кармап, боздоп ыйлап, кайгырып жатышты. Зумбал менен күл көбүнө төшөк болду.

    4:4 үстердин кызматчы кыздары менен эбнухтары келип, болгон ишти айтып беришти, ошондо ханыша аябай коркуп кетти. Анан ал Мордохайга зумбалды чечип, башка кийим кийсин деп, кийим берип жиберди, бирок ал аны албай койду.

    4:5 Ошондо үстер Атахты чакырып алды. Падыша аны эбнухтардын ичинен үстерге кызмат кылууга бөлүп койгон. үстер Мордохайга эмне болгонун, эмне үчүн ушинтип жатканын билиш үчүн, Атахты ага жөнөттү.

    4:6 Атах падыша дарбазасынын алдындагы шаар аянтында турган Мордохайга барды.

    4:7 Мордохай ага эмне болгонунун баарын айтып берди, Амандын жүйүт элин кырыш үчүн, падышанын казынасына тартып берем деп убада кылган күмүшүнүн салмагын да айтты.

    4:8 Анан ал жүйүт элин кыруу тууралуу Шушандагы элге жарыяланган буйруктун көчүрмөсүн үстерге көрсөтүш үчүн, ага баарын билдириш үчүн, ал падышага барып, андан ырайым сурап, өз эли үчүн өтүнүшү үчүн, аны Атахтын колуна тапшырды.

    4:9 Атах келип, Мордохайдын сөзүн үстерге айтып берди.

    4:10 үстер Атахты Мордохайга мындай деп айттыруу үчүн кайра жөнөттү:

    4:11 «үркек болобу, аял болобу, ким падыша сарайында отурган падышага чакыртылбай кирсе, ал өлүм жазасына тартыларын падышанын карамагындагы бардык кызматчылар да, падышанын дубандарындагы эл да билишет. Падыша алтындан жасалган падыша таягын кимге сунса, ошол гана аман калат. Менин падышага чакыртылбаганыма отуз күндүн жүзү болду».

    4:12 үстердин сөзүн Мордохайга айтып беришти.

    4:13 Мордохай үстерге мындай жооп айтты: «Жүйүттөрдүн ичинен жалгыз өзүң падышанын үйүндө аман калам деп ойлобо.

    4:14 үгерде сен азыр унчукпай койсоң, анда жүйүт элине эркиндик менен куткарылуу башка жактан келет, бирок сен атаңдын тукуму менен кошо өлөсүң. Ким билет, балким, сен ханышалык даражага мына ушундай мезгил үчүн жеткендирсиң?»

    4:15 Ошондо үстер Мордохайга мындай жооп жөнөттү:

    4:16 «Бар, Шушандагы бардык жүйүттөрдү чогулт. Мен үчүн орозо кармагыла, үч күн күнү-түнү менен үч нерсе жебегиле да ичпегиле. Мен өзүм да кызматчы кыздарым менен орозо кармайм, андан соң мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. өлсөм, өлөйүн».

    4:17 Мордохай жөнөп кетти. үстер кандай буйруса, ал так ошондой кылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск