Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    7:1 Бирок Теңир Мусага мындай деди: «Билип кой, Мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми бир тууганың Арун сенин пайгамбарың болот.

    7:2 Сен ага Мен буйругандын баарын айтасың. Бир тууганың Арун болсо фараонго: “Ысрайыл уулдарын өз жериңен коё бер”, – деп айтат.

    7:3 Бирок Мен фараондун жүрөгүн катуулантып коём да, Мисир жеринде өзүмдүн көптөгөн жышаандарымды, кереметтеримди көрсөтөм.

    7:4 Фараон силерди укпайт, ошондо Мен Мисирге күч колдонуп, аны катуу жазалап, өзүмдүн кошуунумду – өз элим Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыгам.

    7:5 Мен Мисирди катуу жазалап, алардын арасынан Ысрайыл уулдарын алып чыкканда, мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет».

    7:6 Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты.

    7:7 Фараон менен сүйлөшкөн убакта Муса сексен жашта, ал эми Арун сексен үч жашта эле.

    Арундун таягы

    7:8 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

    7:9 «үгерде фараон силерге: “Керемет көрсөткүлө”, – десе, сен Арунга: “Таягыңды алып, фараондун алдына ташта”, – деп айт. Ал жыланга айланат».

    7:10 Муса менен Арун фараонго келип, Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын фараондун жана анын кулдарынын алдына таштаганда, ал жыланга айланды.

    7:11 Ошондо фараон даанышмандар менен сыйкырчыларды чакырды. Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты.

    7:12 Ар бири өз таягын таштаганда, алар да жыланга айланды, бирок Арундун таягы алардын таяктарын жутуп алды.

    7:13 Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.

    Мисирди кыйраткан жазалар. Биринчи жаза: суунун канга айланышы

    7:14 Ошондо Теңир Мусага: «Фараондун жүрөгү таштай катыды, ал элди коё бергиси келбей жатат.

    7:15 үртең менен фараонго бар, ал сууга чыгат, сен аны дарыянын жүүгинен тосуп тур. Жыланга айланган таягыңды колуңа алып ал.

    7:16 Анан ага мындай де: “үврейлердин Кудай-Теңири мени сага мындай деп айттыруу үчүн жиберди: «Менин элимди коё бер, алар чөлгө барып, Мага ийбадат кылышсын». Бирок сен ушул күнгө чейин укпай келдиң.

    7:17 Теңир мындай дейт: «Менин Теңир экенимди сен мындан билесиң». Мен азыр колумдагы мына бул таяк менен дарыядагы сууну чабам, ал канга айланат.

    7:18 Дарыядагы балыктар кырылат, дарыя сасыйт, мисирликтер жийиркенип, андан суу иче албай калышат”».

    7:19 Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Таягыңды алып, колуңду Мисирдин сууларына: дарыяларына, агын сууларына, көлдөрүнө, суу сактагычтарына сун, ошондо алар канга айланат. Бүткүл Мисир жери кан болот, жыгач, таш идиштеринин ичиндеги суулар да канга айланат”».

    7:20 Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын көтөрүп, фараондун жана анын кулдарынын көз алдында дарыядагы сууну чапты, дарыядагы суу канга айланды.

    7:21 Ошондо дарыядагы балыктар кырылып, дарыя сасып кеткендиктен, мисирликтер дарыядан суу иче албай калышты. Ошентип, бүткүл Мисир жери кан болду.

    7:22 Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты. Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.

    7:23 Фараон бурулуп, үйүнө кетип калды. Ага бул да таасир эткен жок.

    7:24 Ичкенге суу табыш үчүн, бүт мисирликтер дарыянын тегерегин каза башташты, анткени алар дарыядагы суудан иче албай калышкан эле.

    7:25 Теңир дарыяны канга айланткандан кийин, жети күн өттү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск