Нухтун санжырасы
10:1 Нухтун уулдары Шем, Хам жана Жепеттен тараган уруунун санжырасы мындай: топон суудан кийин алардан балдар төрөлдү.
10:2 Жепеттин уулдары: Гомер, Магок, Мадай, Жабан, Тубал, Мешех жана Тирас.
10:3 Гомердин уулдары: Ашкыназ, Рипат жана Тогарма.
10:4 Жабандын уулдары: элиша, Таршыш, Китим жана Доданим.
10:5 Булардан аралдын элдери тарап, ар бири өз тили, өз уруусу, өз эли менен өз-өз жерлерине отурукташты.
10:6 Хамдын уулдары: Куш, Мисрайим, Пут жана Канаан.
10:7 Куштун уулдары: Себа, Хабила, Сапта, Раама жана Саптеха. Рааманын уулдары: Шеба жана Дыдан.
10:8 Куштан дагы Нимрот төрөлдү, ал жер жүзүндөгү адамдардын эң күчтүүсү болду.
10:9 Ал Теңирдин алдында мыкты аңчы эле, ошондон улам «Теңирдин алдында Нимроттой мыкты аңчы» деп айтылып калган.
10:10 Башында анын падышачылыгын Шинар жериндеги Бабыл, эрех, Акат жана Калней түзгөн.
10:11 Нимрот ал жерден чыгып, Ашурга келип, Нинебини, Рехобот-Ирди, Келахты,
10:12 Нинеби менен Келахтын ортосуна чоң шаар – Ресен шаарын курду.
10:13 Мисрайимден луттуктар, Анамим, Лейабим, Наптухим,
10:14 патрустуктар, каслухимдер келип чыккан, алардан пелиштиликтер менен капторлуктар келип чыккан.
10:15 Канаандан төрөлгөндөр: тун уулу Сидон, Хет,
10:16 жебустуктар, аморлуктар, гиргештиктер,
10:17 хибиликтер, арктыктар, синиликтер,
10:18 арбалыктар, семариликтер жана хаматиликтер. Кийинчерүүк Канаан уруулары туш-тушка чачырап кеткен.
10:19 Ошондо Канаан урууларынын чеги Сидондон тартып Герарга, Азага чейин, бул жерден Содом, Амор, Адма жана Себоимден тартып Лашага чейин болгон.
10:20 Уруулары, тилдери, жерлери боюнча Хамдын уулдарынан тараган элдер ушулар.
10:21 Жепеттин улуу агасы, бардык эйбер уулдарынын атасы Шемдин да балдары болгон.
10:22 Шемдин уулдары: эйлам, Ашур, Арпакшат, Лут, Рам.
10:23 Рамдын уулдары: Ус, Хул, Гетер жана Маш.
10:24 Арпакшаттан Шелах төрөлдү, Шелахтан эйбер төрөлдү.
10:25 үйберден эки уул төрөлдү. Биринин аты – Пелек, себеби анын тушунда жер бөлүндү. Анын бир тууганынын аты – Жоктан.
10:26 Жоктандан Алмадат, Шелеп, Хатсар-Мабет, Жерах.
10:27 Адорам, Узал, Дикла,
10:28 Обал, Абымайыл, Шеба,
10:29 Опир, Хабила жана Жобап төрөлдү. Булардын баары – Жоктандын уулдары.
10:30 Булар отурукташкан жерлер Мейшадан тартып чыгыш тоосу Сыпарга чейин болгон.
10:31 Уруулары, тилдери, жерлери боюнча Шемдин уулдарынан тараган элдер ушулар.
10:32 Нухтун уулдарынан тараган уруулардын санжырасы ушул. Топон суудан кийин жер үстүндө алардан элдер тараган.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК