Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Ыбрамдын Лотту куткарышы

    14:1 Шинар падышасы Амрапелдин, эласар падышасы Ариохтун, эйлам падышасы Кедорламердин жана Гоим падышасы Тидалдын убагында мындай болду:

    14:2 алар Содом падышасы Берага, Амор падышасы Биршага, Адма падышасы Шинапка, Себоим падышасы Шемейберге жана Бела (Соар) падышасына каршы согуш ачышты.

    14:3 Алардын бардыгы азыркы Туздуу деңиз турган Соар өрөөнүнө чогулушту.

    14:4 Алар он эки жыл бою Кедорламердин алдында кулчулукта болуп, он үчүнчү жылы козголоң чыгарышты.

    14:5 Он төртүнчү жылы Кедорламер менен бирге падышалар келишти да, Аштарот-Карнайымдагы репалыктарды, Гамдагы зуздуктарды, Шабей-Кирийатайимдеги эймимдерди,

    14:6 ошондой эле өздөрүнүн Сеир тоосунда жашаган хориликтерди чөлдүн жанындагы эл-Паранга чейин талкалашты.

    14:7 Алар ал жактан кайтып келишкенден кийин, эйин-Мишпат булагына (Кадеш) келишип, амалыктыктардын бүт өлкөсүн жана ошондой эле Хасатсон-Тамарда жашаган аморлуктарды кыйратышты.

    14:8 Анан Содом, Амор, Адма, Себоим жана Бела падышалары Соар өрөөнүндө аларга каршы согуш ачышты,

    14:9 эйлам падышасы Кедорламер, Гоим падышасы Тидал, Шинар падышасы Амрапел, эласар падышасы Ариох болуп, төрт падыша бешөөнө каршы чыкты.

    14:10 Соар өрөөнүндө чайыр чуңкурлары көп эле. Содом менен Амордун падышалары качып баратып, ошол чуңкурларга түшүп кетишти. Ал эми калгандары тоолорго качып кетишти.

    14:11 Жеңгендер Содом менен Амордун бардык мал-мүлкүн жана болгон азыгын талап-тоноп кетишти.

    14:12 Содомдо жашаган Ыбрамдын иниси Лотту да мал-мүлкү менен кошо алып кетишти.

    14:13 Тирүү калгандардан бирөө келип, эврей Ыбрамга кабар берди. Ал ошол кезде Ыбрамдын шериктештери болгон эшкол менен Анейирдин бир тууганы аморлуктардын Мамрей деген эмен токоюнун жанында жашачу.

    14:14 Ыбрам тууганынын туткунга алынганын укканда, үйүндө төрөлүп өскөн үч жүз он сегиз кулун куралдандырып, душмандарын Данга чейин кууп барды.

    14:15 Ал кулдары менен топ-топко бөлүнүп алып, аларды түн ичинде кол салып талкалады. Аларды Дамасктын түндүк жагындагы Хобага чейин кууп барды.

    14:16 Ошентип, ал өзүнүн тууганы Лотту, анын бүт мал-мүлкүн, ошондой эле аялдарды жана элди кайра алып келди.

    Ыбрам жана Малки-Седек

    14:17 Ал Кедорламерди жана аны менен жүргөн падышаларды жеңип келе жатканда, «падыша өрөөнү» деп аталган Шабей өрөөнүндө Содом падышасы анын алдынан тосуп чыкты.

    14:18 Ошондо Шалем падышасы Малки-Седек нан менен шарап көтөрүп чыкты. Ал бардыгынан жогору турган Кудайдын ыйык кызмат кылуучусу эле.

    14:19 Ал Ыбрамга мындай деп батасын берди: «Бардыгынан жогору турган Кудай, асман менен жердин эгедери Ыбрамга батасын берсин,

    14:20 душмандарыңды колуңа салып берген бардыгынан жогору турган Кудайга алкыш!» Ошондо Ыбрам ага бардык мал-мүлкүнүн ондон бир бөлүгүн берди.

    14:21 Содом падышасы Ыбрамга: «Адамдарымды бер, мал-мүлктү алып кал», – деди.

    14:22 Бирок Ыбрам Содом падышасына минтип айтты: «Сен: “Мен Ыбрамды байыттым”, – деп айтпашың үчүн, жигиттердин жегендеринен жана мени менен бирге барган кишилердин элүшүнөн башка сенин үч нерсеңди, жибиң турмак, бут кийимиңдин боосун да албайм деп,

    14:23 бардыгынан жогору турган Кудай-Теңирге, асман менен жердин эгедерине колумду көтөрөм.

    14:24 Анейир, эшкол, Мамрей үчөө өз элүштөрүн ала берсин».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск