Динанын абийиринин булганышы. өч алуу
34:1 Леянын Жакыптан төрөгөн кызы Дина ал жердин кыздарын көргөнү чыкты.
34:2 Аны ал жердин төрөсү хибилик Хамордун уулу Шекем көрүп, кармап алып, зордуктап койду.
34:3 Жакыптын кызы Динага анын көңүлү түшүп, сүйүп калгандыктан, кыздын жүрөгүнө жаккан сөздөрдү сүйлөдү.
34:4 Анан Шекем атасы Хаморго: «Бул кызды мага аялдыкка алып бер», – деди.
34:5 Жакып кызы Динанын абийирин Хамордун баласы булгап койгонун укту, бирок уулдары талаада мал менен болгондуктан, алар келгиче унчуккан жок.
34:6 Анан Шекемдин атасы Хамор Жакып менен сүйлөшкөнү чыкты.
34:7 Жакыптын уулдары болсо талаадан келип, бул ишти укканда, капа болуп, аябай ачууланышты, анткени Шекем Жакыптын кызы менен жатып, Ысрайылдын намысын тебеледи, ал мындай кылбашы керек эле.
34:8 Хамор аларга мындай деди: «Уулум Шекемдин кызыңарга көңүлү түшүп калыптыр, аны уулума аялдыкка бергиле.
34:9 Биз менен тууган болгула. Кыз алышып, кыз беришели.
34:10 Биз менен чогуу жашагыла, бул жер силердин алдыңарда турат, ал жерлерге отурукташып, чарба жүргүзүп, эүлик кылгыла».
34:11 Шекем Динанын атасы менен бир туугандарына: «Силердин алдыңарда ырайым тапсам эле болду, силер эмне десеңер, мен баарын берем.
34:12 Кандай калың бычып, эмне талап кылсаңар да берем, мага кызыңарды берсеңер эле болду», – деди.
34:13 Бирок Жакыптын уулдары Шекемге жана анын атасы Хаморго куулук менен жооп беришти, анткени ал алардын карындашы Динанын абийирин булгап койгон эле.
34:14 Жакыптын уулдары аларга: «Анте албайбыз, биз карындашыбызды сүннөткө отургузулбаганга бере албайбыз, анткени бул – биз үчүн маскарачылык.
34:15 үгерде биздей болуп, силердин да бардык эркек аттууңар сүннөткө отургузулса гана макул болобуз.
34:16 Ошондо биз кыз алышып, кыз беришип, силер менен чогуу жашап, бир эл болобуз.
34:17 үгерде сүннөткө отургузулганга макул болбосоңор, анда биз кызыбызды алып кетип калабыз», – дешти.
34:18 Бул сөздөр Хаморго жана анын уулу Шекемге жагып калды.
34:19 Улан муну аткарууга токтоосуз киришти, анткени Жакыптын кызын сүйүп калган эле. Шекем атасынын үйүндөгүлөрүнүн ичинен эң кадырлуусу эле.
34:20 Хамор жана анын уулу Шекем шаар дарбазасынын жанына келип, өз шаарынын тургундарына кайрылып, мындай деди:
34:21 «Бул адамдар биз менен тынчтыкта. Алар бул жерге отурукташып, чарба жүргүзө беришсин. Жер кенен. Алар менен кыз алышып, кыз беришели.
34:22 Биздин да бардык эркек аттууларыбыз алардай болуп сүннөткө отургузулган шартта гана бул адамдар биз менен жашап, бир эл болууга макул.
34:23 Алардын үйүр-үйүр малы да, мүлкү да биз үчүн эмеспи? Аларга макул гана болсок, биз менен жашап калышат».
34:24 Ошентип, Хамор менен анын уулу Шекемдин айткандарын шаар дарбазасынан чыккандын бардыгы угуп, эркек аттуулардын бардыгы, шаар дарбазасынан чыккандардын бардыгы сүннөткө отургузулду.
34:25 Yчүнчү күнү, алар ооруп жатканда, Жакыптын эки уулу, Динанын бир туугандары Шымон менен Леби кылычтарын алып, шаарга тартынбастан кол салып, эркек аттуулардын баарын кырып салышты.
34:26 Хамордун өзүн да, уулу Шекемди да кылыч менен өлтүрүшүп, Шекемдин үйүнөн Динаны алып чыгып кетишти.
34:27 Жакыптын уулдары өлтүрүлгөндөрдүн шаарына келишти да, карындашынын абийирин булгагандыгы үчүн, шаарды тоноп кетишти.
34:28 Алар майда жана бодо малын, эшектерин, шаарда эмнеси болсо, талаада эмнеси болсо, бардыгын алып кетишти.
34:29 Алардын байлыктарын, балдарын, аялдарын туткундап, үйлөрүндө болгон нерсесинин бардыгын талап-тоноп кетишти.
34:30 Ошондо Жакып Шымон менен Лебиге мындай деди: «Силер мени кайгыга салдыңар, бул жердин тургундарына, канаандыктар менен периздиктерге мени жек көрүндү кылдыңар. Менин элим аз. Алар мага каршы чогулуп, мени өлтүрүп, эй-жайым менен жок кылышат».
34:31 Алар болсо: «үмне үчүн ал биздин карындашыбызга сойкуга мамиле кылгандай мамиле кылышы керек?» – дешти.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК