Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 39

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    39-БөЛЄМ

    Жусуп жана Потипардын аялы

    39:1 Жусуп болсо Мисирге жеткирилди. Аны алып келген Ысмайыл уулдарынын колунан фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы, мисирлик Потипар сатып алды.

    39:2 Теңир Жусуп менен болду. Ал иштеринде ийгиликке жетти, мисирлик мырзанын үйүндө жашады.

    39:3 Теңир Жусуп менен экенин, кандай иш кылбасын, Теңир анын колуна ийгилик берип жатканын мырзасы көрдү.

    39:4 Ошентип, Жусуп мырзасынан ырайым таап, ага кызмат кылып жүрдү. Ал Жусупту өз үйүнө башкаруучу кылып койду, өзүнүн колундагысынын баарын ага тапшырды.

    39:5 Ал Жусупту өзүнүн үйүнө, колундагысынын баарына башкаруучу кылып койгондон тартып, Теңир Жусуп үчүн мисирлик мырзанын үйүнө батасын берди. Теңирдин батасы анын үйүндөгү жана талаасындагы бардык мал-мүлкүнүн үстүндө болду.

    39:6 Ошентип, ал колундагысынын баарын Жусупка тапшырды. Анын барында ал жеген нанынан башка үч нерсе менен иши болбоду. Жусуп келишимдүү, сулуу жигит эле.

    39:7 Мырзасынын аялынын Жусупка көзү түшүп, ага: «Мени менен жат», – деди.

    39:8 Бирок ал каршы болуп, мырзасынын аялына: «Мырзам менин барымда үйүндө үч нерсе менен иши жок, болгон нерсесинин бардыгын мага тапшырды.

    39:9 Бул эйдө менден чоң үч ким жок. Ал сенден башкасына тыюу салган жок, анткени сен анын аялысың. Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында күнөөгө батам?» – деди.

    39:10 Ал аял Жусупка күн сайын ушинтип айта берсе да, ал аны менен жатууга, аны менен бирге болууга макул болгон жок.

    39:11 Бир күнү Жусуп өз иштерин кылганы эйгө кирди. Ошол учурда эйдүн ичинде эйдөгүлөрдөн үч ким жок эле.

    39:12 Аял аны кийиминен кармап: «Мени менен жат», – деди. Бирок ал сырткы кийимин аялдын колуна калтырып, сыртка качып чыкты.

    39:13 Аял болсо Жусуптун сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып чыкканын көрүп,

    39:14 үйүндөгүлөрүн чакырып алып: «Карагылачы, ал биздикине бул эврейди бизди шылдыңдатмакка алып келиптир. Ал мени менен жатканы келиптир, бирок мен катуу кыйкырып жибердим.

    39:15 Ал менин кыйкырганымды угуп, сырткы кийимин калтырып, сыртка качып чыкты», – деди.

    39:16 Ошентип, аял мырзасы үйүнө келгенге чейин, Жусуптун сырткы кийимин өзүнө калтырып койду.

    39:17 Анан күйөөсүнө ушул эле сөздөрдү кайталады: «Сен биздикине алып келген эврей кулуң мени шылдыңдаганы келди.

    39:18 Бирок мен чуу көтөрүп кыйкырып жибергенде, ал сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып кетти».

    39:19 Мырза аялынын оозунан «Сенин кулуң мага ушундай кылды» деген сөздү укканда, абдан ачууланды.

    39:20 Ошондо мырзасы Жусупту падышанын туткундары жаткан зынданга салдырды. Ошентип, ал ошол зынданда жатты.

    39:21 Теңир Жусуп менен болду. Ага ырайымын төгүп, зындан башчысынан ырайым таптырды.

    39:22 Ошондо зындан башчысы зындандагы туткундардын бардыгын Жусуптун колуна берди. Жусуп ал жердеги бардык иштин үстүнөн башкаруучу болду.

    39:23 Зындан башчысы ага тапшырылган иштерге кийлигишчү эмес, анткени Теңир Жусуп менен болуп, ал эмне кылбасын, бардык ишине ийгилик берип жатты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск