Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Ошуянын аялы жана балдары

    1:1 Жүйүт падышалары Узиянын, Жотамдын, Ахаздын, Хискиянын тушунда жана Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда Бейринин уулу Ошуяга айтылган Теңирдин сөзү.

    1:2 Теңирдин Ошуяга сүйлөгөн сөзүнүн башы. Теңир Ошуяга: «Бар, өзүңө бузулган аялды жана бузуктуктун балдарын ал. Анткени бул жер Теңирден баш тартып, аябай бузуктук кылып жатат», – деди.

    1:3 Ошондо Ошуя барып, Диблайимдин кызы Гомерди алды. Анын боюна бүтүп, ага уул төрөп берди.

    1:4 Анан Теңир ага мындай деди: «Ага Изрейел деген ат кой, анткени бир аз убакыт өткөндөн кийин, Изрейелдин каны үчүн Жейу тукумун жазалайм, ошентип, Мен Ысрайыл падышачылыгын жок кылам.

    1:5 Ошол күнү мындай болот: Мен Изрейел өрөөнүндө Ысрайылдын жаасын сындырам».

    1:6 Гомердин дагы боюна бүтүп, кыз төрөдү. Ошондо Теңир Ошуяга мындай деди: «Ага Ло-Рухам деген ат кой. Анткени Мен мындан ары Ысрайыл тукумуна ырайым кылбайм, аны кечирбейм.

    1:7 Жүйүт тукумуна болсо ырайым кылам, аларды өздөрүнүн Кудай-Теңири аркылуу куткарам. Мен аларды жаа менен, кылыч менен, согуш менен, аттар менен, атчан аскерлер менен куткарбайм».

    1:8 Ло-Рухамды эмчектен чыгаргандан кийин, анын боюна бүтүп, уул төрөдү.

    1:9 Ошондо Теңир мындай деди: «Ага Ло-Ами деген ат кой, анткени силер Менин элим эмессиңер, Мен да силердин Кудайыңар болбойм.

    Ысрайылдын кайра калыбына келтирилиши жөнүндө

    1:10 Бирок Ысрайыл уулдарынын саны деңиз кумундай өлчөнгүс, саналгыс болот. “Силер Менин элим эмессиңер” деген жерде аларга: “Силер тирүү Кудайдын уулдарысыңар”, – дешет.

    1:11 Ошондо Жүйүт уулдары менен Ысрайыл уулдары чогулуп, өздөрүнө бир башчы коюшат, өздөрү куулуп барган жерден чыгышат. Анткени Изрейелдин күнү улуу болот!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск